www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда 2018-жылдын 12-июль күнү саат 19:00 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен колоттордон келген суулар каналга батпай Чок-Тал айылындагы мүрзөнү жана Тамчы айылындагы 10 үйдүн короолорун жана аэропорттун учак конуучу жолунун 200 метр аралыктагы жолдун четин суу каптаган.
Кырсыктын кесепетин жоюу иш-чараларына райондук суу чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, “АТС-плюс” жеке менчик ишканасынан 2 экскаватор тартылган.
Тартылган күчтөрдүн жардамында Тамчы айылындагы селден коргоочу дамбаны калыбына келтирүү иш чаралары жүргүзүлүп, жалпысынан 250 метр аралыгы бекемделди. Иш чаралар 16-июль күнү улантылат деп билдирет КР ӨКМнин басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg