www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдүн жээгинде ачылган 6 миң гектар аянтты ээлген “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы, Кыргызстанды Борбор Азиядагы жаңы каржы борборуна айлантуу максатын көздөйт. Өкмөттүн планы боюнча, 2035-жылга чейин бул жерде 3900дөн ашуун компания иштеп, 10 миңден ашык жумуш орду түзүлүшү керек. Бирок чоң убадалардын артында чоң суроолор да турат. Бул долбоор өлкөгө чыныгы инвестиция алып келеби же жөн гана жеңилдетилген коңул издеген капиталдын жайына айланабы?
Долбоордун негизги артыкчылыгы катары инвесторлор үчүн өзгөчө шарттар сунушталууда. Резидент компаниялар 49 жылга чейин бир катар салыктардан бошотулуп, чет элдик жарандардын толук ээлик кылуусуна жана кирешесин эркин чыгарууга мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле Англиянын укуктук мыйзамдарына негизделген эл аралык укуктук механизмдерди колдонуу менен бизнес талаштарын чечүүчү борбор түзүлөрү айтылууда.
Өкмөт “Тамчыны” Дубай, Сингапур жана Люксембург сыяктуу дүйнөлүк каржы борборлорунун үлгүсүндө өнүктүрүүнү көздөп жатат. Эгер долбоор ийгиликтүү иштесе, Кыргызстанга жаңы технологиялар, ири инвестициялар, логистика, туризм жана кызмат көрсөтүү тармактарындагы өсүш келиши мүмкүн.
Бирок негизги маселе инвесторлорду тартууда эмес, алардын сапатында десек жарашат. Салык жеңилдиктери менен өзгөчө укуктук шарттар чыныгы өндүрүштү жана инновацияны алып келеби же өлкөнү күмөндүү финансылык операциялар үчүн ыңгайлуу аймакка айландырабы деген күмөндүү бүдөмүк кооптонуулар күч.
Кыргызстан акыркы жылдары санкциялык тобокелдиктер, каржылык көзөмөл жана айрым компаниялардын күмөндүү операциялары боюнча сынга кабылып келет. Мындай шартта “Тамчынын” ачыктыгы, акча агымдарын көзөмөлдөө жана эл аралык талаптарга жооп берүүчү башкаруу системасы чечүүчү мааниге ээ болот.
Дагы бир маанилүү тарабы, бул долбоордун пайдасы карапайым жарандарга жетеби? Он миңдеген жумуш орду, жаңы инфраструктура жана экономикалык өсүш тууралуу убадалар ишке ашса, “Тамчы” өлкөнүн өнүгүүсүнө түрткү бере алат. Бирок эгер аймак негизинен жеңилдетилген салык режиминен пайдаланган чет элдик компаниялардын гана аянтчасына айланса, анын коомдук жана экономикалык пайдасы чектелүү болуп калат.
“Тамчы” Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүк да, чоң сыноо да. Долбоордун келечеги мыйзамдагы артыкчылыктардан эмес, анын канчалык ачык, жоопкерчиликтүү жана улуттук кызыкчылыктарга ылайык башкарыларынан көз каранды. Бирок бизге ушул зарылбы деген суроого бийлик тараптан конкреттүү так жооп жок.