www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин арасында дене тарбия жана спортту пропагандалоо максатында уюштурулган “Тамекисиз спорт” аталышындагы спартакиада өтүүдө. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 22-октябрдан 29-октябрга чейинки аралыкта өтүп жаткан спартакиадага Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин кызматкерлери да активдүү катышууда.

"Аталган спартакиадада воллейбол боюнча кыз-келиндер арасында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин командасы байгелүү үчүнчү орунду багынтты. Ал эми эркектер арасында спорттун жеңил атлетика түрүнөн 35 жашка чейинкилер арасында 1000 метрге чуркоодо А.Парпиев 1-орунду багындырды. 200 метр аралыкта Э. Кенжебаев 3-орунду ээледи. 35 жаштан жогоркулар арасында Д.Акназаров 3-орунду ээлеп, Д. Жаныбеков 2 орунду алды", -деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, 500 метрге чуркоо боюнча жарышта министрликтин кызматкери Карлыгач Кубанычбекова үчүнчү орунга ээ болсо, Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин юристи Гүлнура Жакыбекова 200 метр аралыкка чуркоодо алтын медаль тагынды. Спартакиада 29-октябрь күнү жыйынтыкталат. Эске салсак, аталган спартакиада Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан 2012-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Последние новости