www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
The Ragged Priest Black Label сериясындагы джинсы шымдарынын саны менен арт жагы ачык. The Ragged Priest Black Label бренди сунуштаган жаңы коллекциядагы джинсынын баасы 119 долларды (8 207 сомдон ашык) түзөт, деп Dailу Meil басылмасы кабарлайт.
ASOS мода сайтында жарыяланган жаңы коллекциядагы джинсы тармак колдонуучуларынын кызуу талкуусуна түштү.Анын себеби да жок эмес: сан жагы ачык шым адамдын арт жагын да жаппайт.
Дизайнерлер тайманбас образды футболка жана баш кийим менен өзгөчөлөнүп кийүүнү сунушташат. Ал эми сыпаттамасында көз карандысыз The Ragged Priest бренди өзгөчө образ жасоого жардамдашып, тренддеги джинсы аркылуу көпчүлүктүн көзүнө дароо түшө аларыңыз жазылган. Ага эч кандай шек жок.
Мындай моделдин дизайны чапаррерас, башкача айтканда ковбойлордун шымын эске салат. Алар ат үстүндө олтурганда бутун коргоо үчүн кадимки шымдын сыртынан ушундай кийим кийишет.
Башында чапаррерасты Испания жана Мексикадагы мал багуучу койбойлор кийишкен. Ошентсе да, азыр аларды секс-фетиш менен байланыштырылат.
Булак: "chabarman.kg"