www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттик шайлоодо чечүүчү факторго ээ боло турган талапкерлер: Садыр Жапаров, Адахам Мадумаров жана Өмүрбек Бабанов болуп турат.
Биринчи турда жеңип кетүү оорчулукту түзөт.
Экинчи турда ушул үчөөнүн экөө өтөт.
Үчүнчүсү каякка ооп кетсе жеңиш ошонуку.
Бул жерде эки жакка ооп кете бере турган фигура Бабанов, Садыр Жапаров да, Адахам Мадумаров да эки жакка ооп кетпей, туруктуулук менен президенттикке талапкер болушат. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо экинчи орунду Бабанов алса, үчүнчү орунду Мадумаров алган. Экөө тил табышып, ал кездеги негизги талапкерге каршы бирге сокку урган. Ошондуктан, бул экөө биригип жаңы бийликке каршы сокку урушу да ыктымал.
Дагы башка версия да бар, Бабанов Атамбаевдин убагында Текебаев менен Ташиев өкмөт башчысынан оодарган боюнча кызматка келген жок. Бишкек мэрин берип койсо болмок, аны да берген жок. 2017-жылдан бери ал куугунтукталып келди, балким ал өкмөт башчысына макул болуп, Садыр Жапаров менен тандемге келиши да ыктымал.
1995-жылы июлда Орусияда президенттик шайлоодо биринчи турда Ельцин биринчи, Зюганов экинчи, Лебедь үчүнчү орунду ээлеген. Экинчи турда Лебедь Ельцинге кошулуп жеңип кетишкен.
Садыр Жапаровдун артыкчылыгы «Колунда токочу бар сүйкүмдүү бала» дегендей, колунда бийлиги бар. Административдик ресурстарды «көмүскө» колдонушу мүмкүн «Ата-Журттан» «Мекенчил» партиясына өткөндөр бүт колдошот. Садыр Жапаров көпчүлүк электоратты өзүнө тартыш үчүн коррупцияга каршы күрөштү жарыялады. Бирок абал оор бойдон, кымбатчылык элдин сай-сөөгүн сыздата баштады.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg