www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тарифтик согуш. Кытай АКШга жооп кайтарды

Кытай Америка КошмоШ штаттарынан келген айыл чарба продукцияларына 10-15% өлчөмүндө кошумча тарифтерди киргизди. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлиги билдирди, деп маалымдайт «South China Morning Post» («SCMP»).

Америка Кошмо Штаттардан импорттолуучу тоок этине, буудайга, жүгөрүгө жана пахтага 15% өлчөмүндө кошумча алымдар киргизилет. Соя буурчактарына, чочконун этине, уй этине, жашылча-жемиш жана сүт азыктарына 10% кошумча алымдар колдонулат.

Ошондой эле Кытай өлкөнүн коопсуздугун жана кызыкчылыктарын коргоо максатында АКШнын 15 компаниясын экспорттук көзөмөл тизмесине киргизди. Коммерция министрлигинин сайтындагы тизмеде Leidos, Gibbs&Cox, IP Video Market Info, Sourcemap, Skydio, Rapid Flight, Red Six Solutions, Shield Al, HavocAl, Neros Technologies, Group W, Aerkomm, General Atomics Aeronautical Systems, General Dynamics Land Systems жана Аего Vironment компаниялары көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары Пекин АКШнын он компаниясын ишенимсиз уюмдардын тизмесине кошту.

АКШнын президенти Дональд Трамп 4-мартка караган түнү (Бишкек убактысы боюнча күндүзгү саат 11де) Кытайдан келген товарларга болгон алымдарды 10% дан 20%га чейин эки эсеге көбөйттү.

Последние новости