www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дональд Трамп жакынкы аралыкта Мексика менен Канададан келген товарларга тарифтер киргизиле турганын жарыялады, анын артынан каржы базарлары дароо реакция кылды, деп жазат «Америка үнү».
Америкалык биржа индекстеринин төмөндөшүнөн тышкары мексикалык песо жана канадалык доллар дагы арзандады.
«Алар тарифти төлөшү керек болот. Ошондуктан, алар Америка Кошмо Штаттарында, ачыгын айтканда, өздөрүнүн унаа заводдорун жана башка ишканаларды курууга аргасыз болушат, мындай учурда тарифтер болбойт», — деди Трамп Ак үйдө сүйлөгөн сөзүндө.
Ошондой эле 2-апрелден тарта америкалык товарларга бажы төлөмүн киргизген өлкөлөр үчүн “өз ара” тарифтер күчүнө кирет. Трамп Пекиндин АКШга фентанил жеткирүүнү токтото албагандыгына байланыштуу Кытайдын бардык импортуна тарифтерди 10%дан 20%га көтөрөрүн ырастады.
Трамп муну Кытай “мыйзамсыз баңги кризисин жумшартуу үчүн жетиштүү кадамдарды жасаган жок” деп түшүндүрдү.
АКШнын Президентинин администрациясы тарифтер шейшемби күнү күчүнө кирерин ырастады. Канада менен Мексикадан импортко 25%, ал эми Канаданын энергетика тармагына 10% бажы төлөмү киргизилет.
Канаданын тышкы иштер министри Мелани Жоли журналисттерге Оттава жооп берүүгө даяр экенин билдирди. «Овал кеңсесинде күтүүсүз жана башаламандыктын орноп жатат, биз бул абалды талдайбыз» деди ал.
Мексиканын президенти Клаудиа Шейнбаум дүйшөмбү күнү Трамптын сөзүнүн алдында эгер тарифтер киргизилсе, Мексика да жооп кайтара турганын айткан.