www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Владимир Зеленский өзүнө келип, сүйлөшүү столуна кайтышы керек, болбосо Украинаны башка бирөө жетектеши керек, – деп билдирди жекшемби күнү АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Джонсон.

"Бир нерсе өзгөрүшү керек. Ал же өзүнө келип, сүйлөшүү столуна ыраазычылык менен кайтып келиши керек, же болбосо бул ишти аткаруу үчүн өлкөнү башка бирөө жетектеши керек. Менин оюмча, бул – украиналыктардын чечими", – деди ал NBC News телеканалына берген маегинде.

Джонсон ошондой эле Украинанын жаңжалындагы бардык тараптар чогулушу керектигин белгилеп, Зеленский "керектүү аракеттерди жасоого" тийиш экенин айтты.

Трамп менен Зеленскийдин кайым айтышуусу

Жума күнү Вашингтондо Владимир Зеленский менен АКШ президенти Дональд Трамп жолуккан. Бул жолугушуу кайым айтышууга айланып кеткен. Fox News телеканалынын маалыматына ылайык, жаңжал учурунда Трамп өзүн сыйлабастыкты сезип, Зеленскийди "кууп чыккан". Натыйжада, Вашингтон менен Киевдин сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимине кол коюлбай калган.

Зеленскийдин президенттик мөөнөтү

Владимир Зеленскийдин ыйгарым укуктары 2024-жылдын 20-майында аяктаган. Украинада 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоо согуштук абал жана жалпы мобилизацияга байланыштуу токтотулган. Зеленский азыркы учурда шайлоо өткөрүү орунсуз экенин билдирген.

Последние новости