www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташиев майыптыгы бар келинге үй белек кылды

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жардам сурап кайрылган үй-бүлөгө 1 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

17-февралда 1990-жылы туулган Махратбек кызы Канышай аттуу жаран УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, бала кезинен көзүнүн көрүүсү начар экенин, ажырашып кеткенин, үч баланы жалгыз тарбиялап жатканын, ошондой эле улуу кызы да майып экенин, Бишкектеги угуусу начар жана кечирээк укпай калган балдардын мектеп-интернатында окуп жатканын билдирген. Учурда балдары менен убактылуу батирде жашап жатат.

Махратбек кызынын туруктуу жумушу жок, бирок кайрымдуу жарандар тарабынан үй-бүлөсүн багууга, дарыланууга көмөктөшүү максатында кайрымдуулук уюмдарына кайрылып келишкен.

Буга чейин, алар турак жай маселесине байланыштуу да жардам сурап кайрылышкан, бирок натыйжа болгон эмес. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Махратбек кызынын муктаж үй-бүлөсүнө батирдин ачкычын тапшырып, каалоо-тилектерин айтты.

Последние новости