www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин көчмө жыйыны Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде өттү. 

Жыйында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгү жана 2026-жылда аткара турган иш пландары тууралуу маселе каралып, бул багытта министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу баяндама жасады. Маалыматка ылайык 2026-жылы министрликке 44 млрд 758 млн сом каралса, учурда анын 20%ы, тактап айтканда 9 млрд 347 млн сому өздөштүрүлгөн. Жер айдоо иштери 30%га аткарылып, 386 миң гектар жер айдалган. 

Талкуу учурунда депутат Табылды Муратбеков айыл чарбасын каржылоого бөлүнгөн каражаттардын натыйжалуулугуна көңүл буруп, быйыл дыйкандарга берилүүчү жеңилдетилген насыялар кечигип жатканын белгиледи. Депутат Нилуфар Алимжанова аймактардагы министрликтин бөлүмдөрүнүн ыйгарым укуктарын кеңейтүү, штаттык бирдиктерди көбөйтүү боюнча реформаларды илгерилетүү жана дыйкандардын түшүмүн экспортко чыгарууда жаралган тоскоолдуктарды жоюу маселелерин көтөрдү. Министрдин орун басары Илич Марсбек уулу билдиргендей, быйыл 40 райондо агрардык өнүктүрүү департаменттеринин ишин жандандыруу боюнча конкреттүү план каралууда.

Мындан сырткары депутат Эркеайым Сейтказиева асылдуулугу төмөн жерлерди өздөштүрүү боюнча 2023-жылы кабыл алынган токтомдун аткарылышы тууралуу маалымат сурап, жайыттарды башкарууну жергиликтүү бийликке өткөрүп берүү тартибин тактады. Депутат Алишер Козуев тармактагы реформаларга, анын ичинде СПАларды жана жайыт комитеттерин жоюу процесстерине кызыгып, жер семирткичтердин баасы жана күйүүчү майлардын жеткиликтүүлүгү боюнча маселелерге токтолду.

Ошондой эле депутаттар Умбеталы Кыдыралиев жана Алтынкуль Мурзакимова сугат суунун тарифтери, аны үнөмдүү пайдалануу, туура бөлүштүрүү жана таза суунун жеткиликтүүлүгү боюнча маселелерге кайрылып, бир катар тактоочу суроолорду беришти.

Ал эми депутат Айбек Алтынбеков БДР жана БСРлерди аймактарга куруу боюнча министрликтин пландарына кызыгып, Базар-Коргон районундагы Каркыра-Мисте каналын калыбына келтирүү боюнча элдин кайрылуусун жеткирди. Ошол эле учурда ал дыйкандардын маселесин кеңири талкуулоо максатында Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин күнүн белгилөө сунушун көтөрдү. Депутат Махабат Мавлянова министрликтеги реформаларды ыкчам жана натыйжалуу ишке ашыруу, илимий изилдөөлөргө өзгөчө көңүл буруу жана органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү тууралуу кеп кылды. Депутат Асамат Исираилов айыл чарба фермерлерин окутууну күчөтүп, чет өлкөлүк адистер менен тажрыйба алмашууну активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

Комитет төрагасы Кубанычбек Самаков мал жандыктарды өз убагында эмдөөдөн өткөрүүгө өзгөчө көңүл буруп, жаңыдан пайда болуп жаткан оорулардын алдын алууну күчөтүүгө чакырды.

Жыйынтыгында комитет айтылган бардык сунуш-пикирлерди эске алуу менен тиешелүү чечим кабыл алды.

Последние новости