www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети өзгөчө кырдаалдар министрине сунушталган Замирбек Аскаровдун, ал эми вице-премьерликке Эркин Асрандиевдин талапкерлигин жактырып, аларды парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимине келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Замирбек Аскаров менен Эркин Асрандиевди депутаттарга премьер-министр Мухаммелкалый Абылгазиев тааныштырды. Сунулган талапкерлер буга чейин өзүн кесипкөй жана тажрыйбалуу жетекчи катары көрсөтө алганын билдирди. «Талапкерлердин билими да, тажрыйбасы да жетиштүү, мамлекеттик кызматтын талаптарын жакшы билет. Ошондон улам, жаӊы кызмат ордундагы милдетин татыктуу аракалап кете алышат деген ойдомун», - деди ал.

Мурдагы министр Нурболот Мирзахмедов ушул жылдын 23-январында Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Белгилей кетсек, «КР Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна ылайык, өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости