www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тармактык комитет ратификациялык мыйзам долбоорун жактырды

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети "2019- жылдын 31-майында Ашхабад шаарында кол коюлган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине катышкан мамлекеттердин музей иши жаатында кызматташуусу жѳнүндѳ макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун үчүнчү окуудан каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоору КМШга мүчө мамлекеттердин ортосунда музей иштери чөйрөсүндө кызматташтык маселелерин ишке ашырууга багытталган, КМШнын улуттук музейлеринин жыйнагындагы маданий мурастарды пропагандалоо боюнча аракеттер бириктирилет. Музей ишиндеги, музейлер аралык илимий маалыматтарды алмашуу чөйрөсүндө илимий-изилдөө иштериндеги артыкчылыктуу багыттар аныкталат, көргөзмөлөрдү, музейлик предметтерди сактоону, реставрациялоону жана консервациялоону уюштуруу боюнча алдыңкы технологияларды киргизүү жаатында ар кандай конференциялар, төгөрөк столдор, тажырыйба алмашуулар уюштурулат.

Мындан тышкары, тармактык комитет КМШга мүчө мамлекеттердин автотранспорт каражаттарын уурдоого каршы күрөшүүдөгү жана аларды кайтарып берүүнү камсыз кылуудагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды. 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости