www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төмөнкү макала дүйнө жүзүнө белгилүү «Би-Би-Си» агенттигинен алынып кыргызчага которулду жана бир туугандарга үйлөнгөндөрдүн тагдыры тууралуу Максат Ажы менен артист Гүлнур Асановага түшүндүрмө катары жарыялоону эп көрдүк.

Кемшейген «Габсбург жаагы» же ааламды таң калтырган күчтүү династия кантип түзүлгөн?

Астыңкы жаагы менен кемээгинин өзгөчөлөнүп турушу европалык королдордун династиясы Габсбургдарга тиешелүү. Көп муундар боюу булар король катары европаны бийлеп турушкандыктан, башкаларга ыраа көрүшпөй бири-бири менен, жакындарына үйлөнө беришкен. Ошондуктан кан айлануу системасы бузулуп, бара-бара бул никеден туулган балдар башкалардан айырмалана баштаган. 

Официалдуу эмес «Габсбург жаагы» атка конгон бул династиянын өкүлдөрү мейли аял болбосун, мейли эркек болбосун башкалардан өзгөчөлөнүп: астыңкы жаактары өтө алдыга салаңдап, үстүңкү жаактары өспөй, кемээктери кемшейип калган. Тарыхчылар Габсбургдардын мындай айырмачылыгын жакындары менен никеге тургандыктардын кесепетинен экенин белгилешкен.

Эми болсо тарыхчылардын айткандары испандык окумуштуулар тарабынан илимий жактан далилденди. Испандык окумуштуулар жыйырмадан ашуун муунга созулган Габсбургдардын династиясынын генеологиялык масштабдуу тамыр, бутактарын карашып, ондогон ушул династиянын өкүлдөрүнүн портреттерин салыштырып отуруп, ушундай жыйынтыкка келишти.

Габсбургдардын династиясы жаңы заман менен орто кылымдарда Европадагы эң күчтүү династиянын бири катары эсептелген. Бул династия Батыш, Түштүк жана Борбордук Европадагы эң зор аймактарды бириктирип, буларды солк эткизбей бийлеп турган. 

Бүгүнкү күнү бул жерлерде Испания, Португалия, Нидерланды, Германия, Италия, Чехия, Австрия, Венгрия, Румыния, Словакия, Польша сыяктуу жана башка көптөгөн мамлекеттер орун алган. Испания Америка континентине чыккан соң азыркы Латын Америкасынын аймагындагы Антигуа жана Барбуда, Аргентина, Багама Аралдары, Барбадос, Белиз, Боливия, Венесуэла, Гаити, Гайана, Гватемала, Гондурас, Гренада, Доминика, Доминикан Республикасы, Колумбия, Коста-Рика, Куба, Мексика, Никарагуа, Панама, Парагвай, Перу, Сальвадор, Сент-Винсент жана Гренадины, Сент-Китс-Невис, Сент-Люсия, Суринам, Тринидад жана Тобаго, Уругвай, Чили, Эквадор, Ямайка мамлекеттеринин үстүнөн бийлик жүргүзүшкөн.

Тилекке каршы ушунчалык зор аймактарга ээлик кылыш үчүн Габсбургдардын династиясы майдаланып, мураскорлорго бөлүнүшпөй, бири-бири менен төшөк жаңыртышып келишкени белгилүү.

Туугандарынын каны аралашкандары боюнча үлгү катары Испаниянын королу Карл IIни алсак болот. Анын атасы-энеси жагынан алганда бир тууган таякеси болот, анын апасы да таякесинин баласына баш кошкон, анын атасы менен апасы жакын туугандардан болушкан.

Испаниянын королу Карл II майып болуп төрөлгөн, ал кыйынчылык менен тамак-ашты чайнап, сүйлөгөндө да абдан кыйынчылыктарды тартчу. Ушундай адамдар король болуп дүйнөнүн көп аймактарын башкара турган. Испаниянын королу Карлдын ата-тегине келсек анын чоң ата, таяталарынын сегизинен алтоо Хуан Зөөкүрдүн тукуму болгон. Анын инбридинггинин же жакын туугандардын бири-бири менен баш кошуусунан улам анын акыл –эсинин коэффициенти 25% ти гана түзгөн. Жакын туугандар менен баш кошуудан улам анын балдары деле ушул деңгээлде эле. Карл төрөлгөндө эле жарым-жан болуп төрөлүп, көптөгөн оорулар аны коштоп жүргөн. Ошол үчүн ал мураскор калтырган эмес.

Инбридинг же жакын туугандардын бири-бири менен баш кошуусу көптөгөн мамлекетте мыйзам жүзүндө тыюу салынган, анткени инбридинг же жакын туугандардын бири-бири менен баш кошуусу төрөлгөндө эле ооругандардын санын көбөйтөт. Жакын туугандардын бири-бири менен баш кошуусунан улам тубаса оорулар күчөп гендеги кемчиликтер көбөйүп кетери далилденген.

Габсбургдардын династиясынын генеологиялык масштабдуу тамыр, бутактарын карашып, 20 муунда 6000 адам жашап өткөнүн такташкан. Ондогон ушул династиянын өкүлдөрүнүн портреттерин салыштырып отуруп, акыры жүрүп булар бузулган жаактарга дуушар болгон.

Жаак түзүлүшү жагынан анча-мынча бузулган Мария Бургундской болгон, ал 1477-жылы Ыйык Рим империясынын императору Максимилиан Габсбургга турмушка чыгат. Жаак түзүлүшү жагынан абдан бузулган, өзгөчө алдыңкы жаагы бузулган Филип IV Испания менен Португалиянын 1621 - 1640 жылдардагы королу.

Андыктан канчалык нике алыстан болсо кан алмашуу болуп жакшы балдар төрөлүп, ал эми кечке эле жакындарын ала берсе кан бузулуп балдары оорулуу болуп төрөлүп каларын илим далилдеген. Андыктан, Максат ажы менен сахнада жүрүп эки ай Асановага окшогон кыянатчыларга ишенбей УКМК менен ИИМ чара көрүү зарыл.

Эске салсак, акыркы учурда ырчы Гүлнур Асанова коомчулукка ар кандай диний көз караштагы терс маалыматтарды айтып, элди дүрбөлөңгө салууда. Анын айтымында, кыргызда эки бир туугандын балдары үйлөнсө болот. Эл арасында бул тууралуу ар кандай эки анжы пикирлер айтылып, талаш-тартышты жаратууда.

P.S Коомчулукту мындай дүрбөлөңгө салган Асанованын бул аракети боюнча атайын күч органдарына кайрылуу максатында кол топтоо иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости