www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жабыла турган 12 медициналык окуу жайдын тизмеси жарыяланды

Кыргызстанда 12 менчик медициналык окуу жай жабылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эксперттик комиссиянын текшерүү учурунда жабыла турган окуу жайлардын клиникалык базасы жана тийиштүү медициналык багыттагы жабдуулары жок болуп чыккан. Мындан улам №6 лицензиясын жокко чыгаруу пландалууда.

Жабыла турчу медициналык окуу жайлардын тизмеси:

  1. АДАМ университети (Бишкек финансы-экономикалык академиясы);
  2. Кыргызстан Эл аралык университетинин медицина институту;
  3. «Авиценна» эл аралык медицина университети;
  4. Эл аралык медицина университети;
  5. Роэль Метрополитен Университети;
  6. АВС Академиясы;
  7. Эл аралык Медицина жана илим университети;
  8. Эл аралык Илим жана бизнес академиясы;
  9. Бишкек Эл аралык медицина институту;
  10. Медико-социалдык илим-изилдөө институту;
  11. Кыргыз Медико-стоматологиялык синституту;
  12. Ош Эл аралык медицина университети.

15-мартка чейин текшерүүдөн өтө турган окуу жайлардын тизмеси:

  1. Эл аралык «Ала-Тоо» университети;
  2. Саткынбай Тентишев атындагы Азия медициналык институту;
  3. Эл аралык медицина университети;
  4. Салымбеков университети;
  5. ЕУ Эл аралык медицина университети.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости