www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Макрон Зеленскийдин өтүнүчүн Путинге жеткирди

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Владимир Зеленскийдин өтүнүчү менен Орусия президенти Владимир Путинге чалганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Билдирмеге караганда, сүйлөшүү бейшемби күнү кечинде болгон.

"Украина башчысы Владимир Зеленскийдин суранычы менен РФ президенти Владимир Путинге чалып, телефон аркылуу сүйлөштүк. Сүйлөшүү кыска, ачык жана түз болду. Зеленский аскердик иш-аракеттердин эртерээк бүтүшүн суранып, аны менен сүйлөшүү жүргүзүүнү өтүнгөн. Бирок өзү Путин менен байланыша алган эмес", — деген Франция лидери.

Ал Зеленскийдин өтүнүчүн айтканын белгилеп, бирок жыйынтык болбогонун кошумчалаган.

Эске салсак, Орус президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста «атайын аскердик операция уюштуруу» деген жүйө менен Украинага согуш ачты. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасап, басып кирди.

Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө каршы согуш деп атап, дүйнө лидерлерин Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырды.

Батыш өлкөлөрү Путинди айыптап, Орусияга каршы жаңы санкциялык пакеттер кабыл алына баштады.

Ушул тушта Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо токтой элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости