www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык баңгизатын жүгүртүүгө тиешеси бар Өзбекстандын жараны К.Б.Г., кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кыргызстандын аймагында баңги каражаттарынын көмүскө каналдарынын ишмердигине каршы аракеттенүү жана аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2022-жылдын 22-февралында К.Б.Г., аттуу Өзбекстандын жараны Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Марказ айылынан кармалды.

Тинтүү учурунда андан 3 килограмм гашиш жана 100 грамм апийим табылып алынган.

Азыркы учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости