www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акаевдин заманында 15 жылда Бишкекте 7 мэр алмашкан, Бакиевдин заманында 5 жылда 4 мэр, Атамбаевдин заманында 6 жылда 3 мэр, Жээнбековдун заманында 3 жылда 1 мэр, Жапаровдун заманында 2 жылда 6 мэр алмашты. Эмилбек Абдыкадыров 24-февралда Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды. Калааны буга чейин башкарып келген Айбек Жунушалиев президенттин жарлыгы менен президенттин администрациясынын жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды. Эмилбек Абдыкадыров Бишкек мэриясынын системасында 30 жылдан ашык иштеп, үч жолу шаардык кеңештин депутаты, вице-мэр болуп эмгектенген. Курулуш агенттигинде жетекчинин орун басары болуп да иштеген. Өзүнүн курулуш компаниясы бар. Буга чейин Абдыкадыров кытайлык инвестор менен Ат-Башы районунун аймагына логистикалык-соода-өндүрүш борборун курууга белсенген. Бирок жергиликтүү калк каршы болуп, долбоор ишке ашпай калган. Бишкек 1878-жылы негизделген, Турдакун Усубалиев, Карыбек Молдобаев, Улукбек Чиналиев, Амангелди Муралиевдер союз убагында Фрунзе шаарын (1936-1991) жетектеген, Бишкектин мэрлери:
5.Борис Силаев, (1995-1998 жж.)
Бишкек жакка мэр болуп,
Борис «дядя» баш ийкейт.
«Сила» барбы Силаев,
Москвага ташый кетет.
6.Феликс Кулов, (1998-1999 жж.)
КыГыБыдан түз эле,
Кыйратам деп келипсиз.
Түрмө жакта орун бар,
Түшө койчу, Феликс.
7.Медетбек Керимкулов, (1999- 2005 жж.)
Ким болсо да кожоюн,
Иштейт Мекең талыкпай.
Унчукпастан ашаган,
Деңиздеги балыктай.
Бакиевдин заманында:
Салымбеков Аскар тез,
Бишкек шааарын оңдойбу?
Кетип калса мэр болуп,
Ким башкарат «Дордойду»?
2.Арстанбек Ногоев, (2005-2007 жж.)
«Шыпыргычан» Ногоев,
Көчөлөрдү тазалаар.
Шыпырылды Арыстаке,
Чыга берип «кашалар».
3.Данияр Үсөнов, (2007- 2008 жж.)
Чуркап жүрүп Үсөнов,
Эптеп мэрге жетиптир.
Андан кийин келген мэр,
«2» коюп кетиптир.
4.Нариман Түлеев, (2008-2010 жж.)
Жапжашыл шаар Бишкекти,
Миллион гүлгө бөлөгөн.
Эл жүрсүн деп кыйналбай,
Автобусту «төрөгөн».
Атамбаевдин заманында:
1.Иса Өмүркулов, (2010-2013 жж.)
Өмүркулов Исакең,
«Ош» базарды бишкектейт.
Бирок, улам начарлап,
Бара жатат Бишкек дейт
2.Кубанычбек Кулматов, (2014- 2016 жж.)
Балмуздак жеп чоңойгон,
Кеңеш уулу Кубаныч.
Он миң сомдук кофе ичкен,
Мектеп жебе сураныч.
3.Албек Ибраимов, (2016- 2018 жж.)
Канча миллиард байкалбай,
Өтүп кеткен тамактан.
Калбаат күндүн айынан,
Качып жүрөт камактан.
Жээнбековдун заманында:
1.Азиз Суракматов, (2018-2020 жж.)
Кокуй алат ушул күн,
«Коронавирус» деп койот.
Гумжардам келсе алыстан,
Кулкулдатып жеп койот.
Жапаровдун заманында:
1.Балбак Түлөбаев, (2020-2021 жж)
Кыргыздан чыккан еврей,
Көтөрүп чыккан «Аюну».
Элди ойлобой Балбакең,
Ойлоп турат баюну.
2. Эрмек Нургазиев (2021 жыл 1 күн)
«Тууганы эле болбосо,
Тумшукка койчу адам»-деп.
Камчысын турган үйүрүп,
«Катынды дайым сабайм» -деп.
Аял жакка жооп билет,
Кызыл камчы, сок билек.
Отуруп жатып, отурбай,
Ордунан кеткен котурдай.
3.Бактыбек Кудайбергенов, (2021)
Жеңип чыкты «Ата-Журт»,
Жергиликтүү шайлоодо.
Кудайберген уулунун,
Эки колу байлоодо.
4. Таалай Сарыбашов (2021 жыл үч күн)
Губернатор, мэр болуп,
Ошто жүрүп пул күткөн.
Башына «зонтик» карматып,
Жаш кезинен «кул» күткөн.
5. Айбек Жунушалиев, (2021-2022 жж)
Буламык жеген баладай,
Бултуюп мэрде отурду.
Булгаган шымын баладай,
Кубалап түштү кокуйду.
6.Эмилбек Абдыкадыров (2022-жыл 24-февралдан баштап)
Мэрликти алып тизгиндеп,
Эмилбек келди борборго.
Айлантпаса болду Бишкекти,
Логистикалык долбоорго.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg