www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франция бийлиги эгер зарылчылык жаралса, Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин коопсуздугун камсыздоого даяр. Бул тууралуу Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан билдирди.

«Зеленскийдин коопсуздугу маселеси сөзсүз көтөрүлөт. Керек болсо керектүү чараларды көрүүгө даярбыз», - деди министр.

Буга чейин 25-февралда Франциянын коргоо министри Флоренс Парли Брюсселде жана Вашингтондо эч ким Орусия менен согушууну каалабайт деп билдирген. Анын айтымында, азыркы шарттарда Париждин башкы максаты - Украинанын чыгышында ок атышууну токтотуу.

Белгилей кетсек, буга чейин Франциянын президенти Эммануэль Макрон өлкө Украинага 300 миллион евро өлчөмүндө каржылык жардам жана аскердик техника сунуштай турганын билдирген. Ал ошондой эле украиналык качкындарга жардам берүүнү убада кылган.

Эске салсак, Орус президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста «атайын аскердик операция уюштуруу» деген жүйө менен Украинага согуш ачты. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасап, басып кирди.

Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө каршы согуш деп атап, дүйнө лидерлерин Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырды.

Батыш өлкөлөрү Путинди айыптап, Орусияга каршы жаңы санкциялык пакеттер кабыл алына баштады.

Ушул тушта Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо токтой элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости