www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Швециянын НАТОго кирүү аракетин колдоого макул болду. Бул тууралуу альянстын башчысы Йенс Столтенберг Вильнюстагы НАТО саммитинин алдында түрк лидери, Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон жана Еврокеңештин башчысы Шарль Мишель менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билдирди.
Столтенберг президент Эрдогандын Швециянын НАТОго кошулушуна байланыштуу протоколдун тез арада жөнөтүлүшү жана ратификациянын камсыздалышы боюнча макул болгонун айтты.
"Бул НАТОнун бардык союздаштарын күчтүүрөөк жана коопсуз кылган тарыхый кадам", - деп жазган Столтенберг.
Glad to announce that after the meeting I hosted with @RTErdogan & @SwedishPM, President Erdogan has agreed to forward #Sweden's accession protocol to the Grand National Assembly ASAP & ensure ratification. This is an historic step which makes all #NATO Allies stronger & safer. pic.twitter.com/D7OeR5Vgba
— Jens Stoltenberg (@jensstoltenberg) July 10, 2023
Булак: NazarNews.kg