www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Африкада кар жаады

Өткөн түнү Түштүк Африкада кар жаады. Бул тууралуу MIR 24 телеканалы билдирди. Аталган өлкөдө акыркы 10 жылда биринчи жолу кар жаап, ал бир нече саатка созулду.

Йоханнесбург менен Преториянын жолдоруна муз тоңду.. Адатта кар буга чейин бийик тоолуу аймактарга гана түшсө, бул жолу жаан-чачын шаарларда да жааган. Антарктидадан келген муздак аба массалары Түштүк Африканын аймагына жайылганы айтылды.

Ошол эле учурда, БУУнун Дүйнөлүк Метеорологиялык Уюмунун билдирүүсүндө, өткөн апта дүйнөдөгү эң ысык апта болду.

Уюмдун маалыматы боюнча, 7-июлда дүйнөдө орточо температура 17,24 градусту түзгөн. Бул 2016-жылдын 16-августунда катталган 16,94 градуска чейинки рекорддон 0,3 градуска жогору.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости