www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум уланууда.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Отурумда күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Судья Марат Сыдыковдун айтымы боюнча, кийинки отурумдардан баштап «өзгөчө макамы» бар күбөлөрдөн тил кат алына баштайт, анткени булардын тергөө учурунда берген жана азыр берип жаткан көрсөтмөлөрү бир аз башка болуп калууда.

«Бул күбөлөр иштин башында шектүү катары өтүп жатып, кийин тергөө менен келишимге кол коюп, азыр күбө катары суралууда. Кийинки отурумдардан баштап биз күбөлөрдөн тил кат ала баштайбыз», — деди судья.

«Өзгөчө макамы» макамы бар күбөлөрдүн катарына кимдер каралганын сот тактаган жок.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Последние новости