www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тарых музейинин иши боюнча апелляциялык арыз каралат

11-августка белгиленген отурум айыпталуучулардын бири - Мира Карыбаева ооруп сотко келбегендигине байланыштуу болбой калган. Адвокат Бакыт Автандил уулунун билдиргени боюнча Бишкек шаардык соту ишти кароого кирише элек. Буга чейин жабырлануучу тарап катары өтүп жаткан мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү келбей калгандыктан сот жылдырылган. Автандил уулу андан кийин өзү сыркоолоп сот эки жолу кийинкиге калтырылган.

Мамлекеттик тарых музейи жана Чолпон-Атадагы ипподромдун курулушу боюнча айыпталып жаткан Сапар Исаков шаардык сотто онлайн көрсөтмө берет. Адовкат билдиргендей, Сапар Исаков мурдагы отурумдардын бирине катышуудан баш тартканы үчүн биринчи инстанциядагы сот аны калган процесстерге да катыштырбай койгон. Мурдагы өкмөт башчы натыйжада жарыш сөзгө да катыштырылган эмес, өзүнүн өкүмүн угууга да алынып келген эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости