www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 9-апрель күнү Таш-Көмүр ШИИБдин жетекчилигинин демилгеси  менен жалпы билим берүү окуу жайларынын бүтүрүүчү класстарынын  окучууларына “Милиция кесиби ардактуу” аталышындагы ачык эшик күнү уюштурулду. Анда ИИМдин Э. Алиев атындагы Академиясы тууралуу толук маалымат берилип, окучууларды мекенчилдикке тарбиялоо боюнча түшүндүрүү  иштери  жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Таш-Көмүр ШИИБдин башчысы А.Р. Козукеев соттук - укуктук реформанын алкагында 2019 - жылдын 1 - январынан баштап күчүнө кирген жаңы кодекстер менен мыйзамдар тууралуу кенен түшүндүрмө  берип, окуучуларды кылмыштардан алыс болууга, укук бузгообо чакырды.

 Ал эми, Таш-Көмүр ШИИБдин башчысынын орун басары Т.Н. Сулайманов  окучуулар менен милиция кесиби тууралуу маектешип, тартип сакчыларынын күнүмдүк иши тууралуу айтып берип, окуучулардын сууроолоруна жооп берди. Эң кызыктуусу, ачык эшик күнүнө келишкен окуучулардын арасынан Токтоматова Арууке менен Ыманалы Юсуповдор  кичинекей кезинен бери милиция кызматкери болууну кыялданып келгендерин, окууну бүтүшсө  Кыргыз  Республикасынын ИИМдин Э. Алиев атындагы  Академияга тапшырышып, мекенине кызмат кылган милиция кызматкерлери болобуз деген ойлорун  атышты.

Бул маалымат тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости