www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан “Көчө” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Анын алкагында шаар аймагындагы кылмыштуулукка бөгөт коюу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарды өз балдарына кам көрүп, татыктуу тарбия берүүгө үндөштү. Алардын күн суук мезгилдерде билим берүү мекемелерине барып келүүсүн көзөмөлгө  алууга чакырышты.

Ошондой эле коронавируска каршы көрүлүп жаткан чараларды туура түшүнүү менен кабыл алуу керектиги жеткирилди. Шаар аймагында тиешелүү санитардык нормаларды сактоо жана жеке гигиеналык эрежелерди кармоо зарылдыгы эскертилди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости