www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-депутат Ташболот Балтабаев менен Батукаевдин айланасында жаралган маселелер жана саясаттагы айрым жагдайлар боюнча баарлаштык. 

--Ташболот агай, Батукаев маселеси кайра жанданды. Аны мөөнөтүнөн мурун бошоткону үчүн прокурор Атамбаевди жана мурунку Баш прокурор Индира Жолдубаеваны 15 жылга камоону суранып жатат. Жолдубаева бул мөөнөт көп экенин айтты. Буларга канча жылдан берсе адилеттүү болот?

--Батукаев боюнча мен жетектеген парламенттик медициналык комиссия кан борбору койгон лейкоз деген дарт  Батукаевде жок экенин далилдеп бергенбиз. Бул аферанын артында президент турганы деле түшүнүктүү болчу. Кала берсе убагында ошол комиссиянын мүчөлөрүн да куугунтукташкан Саламаттыкты сактоо министрлигинин  жетекчилери. Бирөөгө керек экен эми сууруп чыгып соттоп жатышат. Негизи 15 жыл отурганга алар татыктуу. Себеби, алар улуттук намысты сатышкан.

--Башкалары Атамбаевге каршы көрсөтмө бергени үчүн жоопкерчиликтен кутулабы? Же тергөө  менен кызматташса эле күнөөсү жок болуп калабы?

--Окуяга тийиштиги барлардын баары жазасын алыш керек. Андай адамдар азыр керт башын сактап калуу үчүн Атамбаевге гана эмес, Пайгамбарга да каршы көрсөтмө бергенге даяр.

--Жаныш Бакиевге алмашуу үчүн Батукаев бошотулган деген Шамиль Атакановдун көрсөтмөсүндө чындыктын үлүшү барбы?

--Менимче, Шамиль Атахановдун Жаныш Бакиевди Батукаевге алмашабыз дегени бул кызылдай калп болушу мүмкүн!  

--Анда Батукаевди эмне зарылчылыктан улам бошотушкан ?

--АКЧА!

--Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев эмнегедир бул өкмөттөн жакшылык, өзгөрүү, адилеттүүлүк күтүүгө болбойт. Батырбеков “Кыргызстан” партиясы үчүн иштесе, Боронов “Биримдик” партиясына иштейт. Булар кызматка ушундай миссияны аткаруу үчүн  келе жатат деген оюн айтты. Чын эле Жанар Акаев кооптонгондой  маселе жаралышы мүмкүнбү?

--Ачыгын айтсам Жанар Акаевден башка эл деле жаңы премьерден эч теке  күткөн жери жок. Өкмөт президент шайлоого аттанткан 3 партияны кантип кулагынан сүйрөп парламентке алып келүүнүн айласына иштешет.  Антпесе былыктары ашкере болуп баштарынан кара булут айланып калышы ыктымал. 

--Экс-премьерди шаан-шөкөт менен узатканы эмнеден кабар берет?

--Экс премьерди шаан-шөкөт менен узатуу менен алар бийликтин "биримдигин" элге көрсөткүсү келип жатат. Мындайда таажылуу вирустун коркунучун да унутуп калышты.

--Эрежелерди эске албаганы үчүн аларга айып салыш керекпи?

--Эрежени сактабай калыптырбыз деп өздөрүнө өздөрү айып салмак беле? Буларга эл гана шайлоодо айып салышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости