www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-депутат Ташболот Балтабаевди кепке тартып, кайчы пикир жараткан жагдайлар боюнча ой бөлүштүк.

--Ташболот мырза, барган сайын премьер-министр кызматтан кетиш керек деген сөздөр ал ишти жөндөй албай жатканы үчүн айтылып жатабы же анын кызмат ордуна көзарткандар көп үчүн бул маселе коомчулукта тез-тез көтөрүлүп жатабы?

--Премьер-министр жакшы иштеди деп айталбайм. Президенттин айтканын кылып, чуркап келип отчёт бергенге көнгөн премьер өз алдынча иштей албайт. Анткенге анын артында колдоп турган саясий күч да жок. Ошондуктан келген же кеткен премьерди анализдөөнүн кереги жок. Оболу премьерге реалдуу бийлик берүү керек, андан кийин ишин талап кылсак туура болот.

--Айтканыңызга ынаналы, бирок, Конституцияда премьердин ыйгарым укуктары жетиштүү эле го?

--Мен деюре эмес, дефакто айтып жатам. Биринчиден, бүткүл өнүккөн мамлекеттерде аткаруу бийлигинин башында бир киши отурат, президент же премьер. Экинчиден, 2010-жылы азыркы Конституция жагдайга ылайык популистик маанайда кабыл алынган. Үчүнчүдөн, конституциянын атасы парламентаризмди бекемдөө эмес - өзүн президенттик тактыда элестеткен адам болгон. Башкача айтканда, Конституцияны өзүнө ылайыктап жазган.

--Орчундуу маселени премьер министр жалгыз чече албаса, анда неге премьерлердин колу менен көп нерсе жасатышат?

--Коррупцияланган мамлекетте орчундуу маселелерди премьер-министр өзү каалагандай чечүүгө кудурети жетпейт. Бирок, премьердин колу менен көп нерсени тар чөйрөнүн кызыкчылыгы үчүн жасаса болот. Ошон үчүн эки экс-премьер министр түрмөдө отурат да. Жегенде чогуу жешкен, а жоопкерчиликке тартканда  кол койгон киши камалды.

--Акылбек Жапаров “премьер-министр болууга даярмын. Качан дайындаса да иштеп бере алам” деген коңгуроо кага баштады. Ал берген убадаларын аткарат деп ишенсек болобу?

--Кыргызстанда убада берүү жана аны аткарбай койуу салтка айланганын жана эл ага көнүп калганын унутпайлы!!!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости