www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчыбек Ташиев сурактан чыкты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурадан сурак берип чыкты. Бул тууралуу маалыматты 25-апрелде аталган көзөмөл органынын басма сөз кызматы тастыктады.

Буга чейин ал 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгына күбө катары суракка чакырылганы маалымдалган. Кийинчерээк Ташиев Башкы прокуратуранын борбордук аппаратынын имаратында тергөө иш-чарасында жүргөнүн билдиришкен.

2010-жылы Ташиев «Ата Журт» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости