www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы кол салуудан улам убактылуу жер которгон Баткен жана Лейлек районунун тургундарын үйлөрүнө кайта берүүгө чакырды.

Бул тууралуу ал Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов менен жолугушуудан кийин айтты.

"Үйүнө кайтууга мүмкүнчүлүгү жокторго жергиликтүү бийлик, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) транспорт уюштуруп берет. Көчөгө чыгып, машине издеп кыйналбаңыздар. Бүгүндөн баштап Кудай буюрса мамлекетибизде, чек арабызда тынчтык болот", - деди Ташиев.

Кыргыз өкмөтү түзгөн Медиа штаб кабарлагандай, эки өлкөнүн атайын кызматтарынын башчылары 25-сентябрда Баткен районундагы "Кызыл-Бел" көзөмөл-өткөрмө бекетинде жолукту. Алар Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы айрым чек ара постторун алып салуу, чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча комиссиянын ишин тездетүү тууралуу сүйлөшүштү.

Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости