www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын элдери үчүн өзгөчө тарыхый күн, деп билдирди УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев.
Бүгүн, 21-февралда Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү өттү.
«Биз кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча акыркы протоколго кол койдук», - деп билдирди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.
Анын айтымында, бир катар документтер даярдалган.
Алар:
Мамлекеттик чек ара жөнүндө келишим;
- Энергетика жана суу ресурстары боюнча өкмөттөр ортосундагы макулдашуулар;
- Жолдорду өз ара пайдалануу жана жаңы жолдорду куруу тууралуу макулдашуу.
Тажикстандын делегациясын УКМКнын төрагасы Саймумин Ятимов жетектеген.