www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан июнь-июль айында «Кумтөр» алтын кенинен 90 млн. доллар пайда тапты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 25-сентябрда, мекеменин Алай райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачкан учурда билдирди.

«Кумтөрдөн» 21 жылда 84 млн. доллар пайда тааптырбыз. Ал эми июнь-июль эки айда биз 90 млн. доллар таптык. Мына, акчабыз каякта жатат. Кыргызстандын акчасын талап-тоноп эле жеп жатышкан. Биз алардын коррупциялык схемаларын алып чыктык... Эгерде «Кумтөрдөн» айына 1,5-2 тонна алтын өндүрүлүп жатса, аны ай сайын самолетко салып алып чыгып кетип турушкан. Бүгүнкү күндү бир грамм алтын чыккан жок. Ушунун эсебинен Кыргызстаныбыз байып калды, акчасы пайда болду», - деп Ташиевдин айтканын айрым жергиликтүү ЖМКлар таратты.

УКМК жетекчиси «Кумтөрдөн» сырткары башка тоо-кен тармагында коррупциялык иштер бар экенин белгилеген.

Буга чейин Кыргызстан Кумтөр алтын кенин башкарууну өз колуна алгандан берки төрт ай ичинде 4,1 тонна алтын өндүргөнүн «Азаттык» радиосуна Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров билдирген. Жапаровдун айтымында, ал алтын азыр Кыргызстанда, өкмөт 61-62 миллион доллардан ашуун таза киреше болорун мерчемдөөдө жана ишкананын акчасы өлкөнүн ичинде сакталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости