www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү акча менен оокат кылган парламенттик шайлоонун уңгусун Аскар Акаев түзгөн. Акчасы жок партия четте каларын сезген Аскар Акаев парламенттик шайлоого акча сурап Ереванга барды. Аскар Акаев парламенттик шайлоого тымызын даярдана баштаган.
Он алты жылдан бери шайлоого катыша албай бук болгон экс-президент өзү катышпаса да парламентке катыша турган партиялардын бирин колдоону чечти. Акаев мындай тилегин ишке ашырыш үчүн өзү президент кезинде мамлекет башчылары менен тымызын жолуга баштады.
Орусия тарапта Ельциндин көзү өткөн, арийне үй-бүлөсү бар, ал эми Путин аны менен «ойнобойт». Украина менен Арменияда көп президенттер алмашкан. Ошондуктан буулуп жаткан буктурманын оозун Арменияда баштады.
Ереванда Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев менен Армениянын мурдагы өлкө башчысы Акаенв иштеп жатканда чогуу иштешкен Левон Тер-Петросян жолукту. Бул тууралуу Армениянын улуттук конгрессинин маалымат катчысы Арман Мусинян билдирди. Жолугушуу Тер-Петросяндын хан сарайында өткөн.
Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg