www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров 26-сентябрда Ош облусунун Чоң-Алай районунда Кичи жана Улуу Памирдеги этникалык кыргыздар үчүн жаңы шаарчанын курулушуна капсула салды.
Анын жүрүшүндө Садыр Жапаров алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу суроолорго жооп берип жатып, ар бир мамлекеттик органдын алдында шайлоо жараянынын таза жана ачык өтүүсүн камсыздоого катуу талаптар коюларын белгиледи.
«Парламенттин жаңы чакырылышына эл кимди шайласа, дал ошолор келиши үчүн бардык шарттар түзүлдү. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме аркылуу, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.
Шайлоодо шайлоочулар партия үчүн эле эмес, андагы өзүнчө бир талапкерге да добуш берген система киргизилди. Эгер кайсы бир мамлекеттик кызматкер шайлоо жараянына кийлигише турган болсо, ага карата токтоосуз түрдө катаал чаралар көрүлөт», - деп билдирди Садыр Жапаров.
Булак: NazarNews.kg