www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Талибан» тарабынан дайындалган Афганистандын жаңы өкмөт башчысынын орун басарынын милдетин аткарып жаткан Абдул Гани Барадар Тажикстандын бийлиги Афганистандын ички иштерине кийлигишип жатканын билдирди.
Россиянын «РИА Новости» басылмасы билдиргендей, Абдул Гани Барадар «Аль-Жазира» басылмасына интервью берип жатып, ар бир аракетке – каршы аракет болорун айтты.
Белгилей кетсек, талибдер 15-августта Афганистандын борбору Кабылга кирип, эртеси Афганистандагы согуш аяктаганын жарыялашкан. Август айынын соңку эки жумасында АКШнын аскерлери коргоп жаткан Кабулдагы аэропорттон Батыш өлкөлөрүнүн жарандары жана АКШ менен Европа өлкөлөрүнө жардам берген афганистандыктар эвакуацияланган.
Эске салсак, 31-августка караган түнү АКШнын аскерлери Кабулдагы аэропорттон чыгып кетишкен. Сентябрь айынын башында талибдер Афганистандын убактылуу өкмөтү түзүлгөнүн жарыялашкан.
Бирок, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Афганистанда инклюзивдүү (көп тараптуу) өкмөт түзүлүшү керек экенин, ага өлкөдөгү аз улутттардын өкүлдөрү, анын ичинде тажиктер кириши керек экенин талап кылган.
Булак: NazarNews.kg