www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда ири фармацевтикалык мафиянын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Алай районунда атайын кызматтын бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда дарылардын баасы 3-10 эсе кымбат сатылып келгени аныкталган.

«Ири фармацевтикалык мафиянын бети ачылды. Кыргызстанда дарылар эң аз дегенде 3, эң кымбат дегенде 10 эсе кымбат сатылып келиптир. Мамлекеттик кызматкерлер дарыгерлер менен чогуу мафия түзүшкөн. Биринчи күнү толук маалымат берилет», — деди Ташиев.

Мындан тышкары, УКМК төрагасы күйүүчү май ташыгандардын мафиясынын да изине түшкөнүн белгиледи.

«Бүгүнкү күндө күйүүчү май 56-58 сомдон сатылууда, бирок 50 сомго жетпеген баада сатылышы керек экен. Муну мамлекет да, жетекчилер да, эч ким караган эмес, биз азыр ошого багыт алдык», — деди Ташиев.

Кызматкерлерге кайрылып жатып жетекчи ар кимиси элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеши керектигин, бул үчүн ар биринде бийлик да, мүмкүнчүлүк да бар экенин белгиледи. Сөзүнүн соңунда ар бир кызматкер отчет тапшырып, иши ошонун негизинде бааланарын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости