www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташиев өкмөт башчысы болсо, иштин майын чыгармак...

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев канткен менен жакшы иштеп жатат. Элге шарт түзүүгө, мамлекет үчүн пайдалуу иш жасоого жан үрөп аракет кылып жатканы байкалат. 

Мына өлкө коопсуздугун камсыздоо жоопкерчилигин аркалаган УКМКнын кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, аймактарда бир канча жаңы имараттарды куруп берди. 

Диний экстремисттик багыттагы жана кылмыштуу уюшкан топторго карата акыркы кездери катуу күрөш жүргүзүлүүдө. Өлкөнүн коопсуздугу, жарандардын бакубат жашоосу үчүн мунун баары маанилүү. 

Мындан сырткары, Камчыбек Ташиевдин демилгеси, жеке көзөмөлү аркасында социалдык тармактарда дагы алгылыктуу иштер аткарылууда. 

Мына бир мисалга токтолуп өтөлү. Жакында Арстанбап айылына Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен “Ак илбирс” атындагы балдардын ден-соолукту чыңдоочу борбору курулуп ишке берилди. 

Балдардын эс алуулары үчүн бардык шарттары каралган “Ак илбирс” лагери көргөн көздү суктантпай койбойт. Мамлекеттик бюджеттен бир тыйын албай эки жыл аралыгында куруп бүткөрүлгөн иште Ташиевдин мээнети чоң. 

“Ак илбирс” бир мезгилде 120 баланы кабыл алат экен. Жайкы сезондо балдар 5-6 поток менен эс ала турганын эске алсак, жылына миңге жакын бала эс алып, балалыктын бактылуу, унутулгус учурларын өткөрө алышат дегенди билдирет. 

Ошондой эле, канча жылдан бери курулуп, бирок бүтпөй жаткан Ноокат жолу сыяктуу элдин көкөйүнө тийген тармактарда дагы жылыш болуп жатат. Учурда Ташиевдин көзөмөл астында Ноокат жолунун курулушу тездеди. 

Көрсө, иштейм деген жетекчи жок шылтоолорду айтпай иштейт тура. Камчыбек Ташиевдин баштаган ишин аягына чейин чыгарган жоопкерчиликти жогору койгон мамилеси, саясий эркинин күчтүүлүгү анын Өкмөт башчылык ишти тартып кетүүгө бышып жетилгенин билгизет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости