www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокатта 3 килограммга жакын баңгизат алып жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине баңгизатын мыйзамсыз колдонуп, сатып жүргөн жарандар тууралуу маалымат келип түшкөн. Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесин негизинде козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Кара-Суу  районунун 26 жаштагы Ж.уулу Д. Ош шаарында кармалган. 

Ыкчам тергөө амалдарынын жүрүшүндө баңгизаттарды сатуу каналдары жана аларды сактоочу жайлар аныкталып, кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун тургундары 40 жаштагы И.Н., 39 жаштагы Б.Т., 43 жаштагы Т.М., жана 26 жаштагы О уулу А., кармалган. Алардын үйлөрүн жана автоунааларын тинтүү учурунда  2 кг. 869 гр. өзгөчө жыты бар зат табылып алынган.

"Аталган заттарга карата соттук химиялык экспертиза дайындалып, экспертизанын корутундусуна ылайык алынган заттар гашиш экендиги аныкталган. Кармалган шектүүлөр Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости