www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров Жогорку Кеңештеги иш бөлмөсүнөн чыгарылды. Бул маалыматты депутат өзү тастыктаган.

Маалыматка караганда, түшкү тыныгууга чейин депутаттын жардамчыларына 705-бөлмөнү бошотуу талабы менен Президенттик аппараттын иш башкармалыгы кат калтырган.

«Жардамчыларым түшкү тамактануудан келгенде менин бардык буюмдарымды кеңседен коридорго алып чыгып кетишкенин көрүшүптүр. Эмнеге ушундай чечимге келишкенин түшүнбөйм. Бирок, сыягы, ушундай жол менен парламенттин жыйынындагы соңку окуяга байланыштуу мага басым көрсөтүүгө аракет кылып жатышат», — деди ал.

Депутат буга чейин бул тууралуу кабарланбаганын кошумчалады.

Президенттик аппараттын иш башкармалыгынан келген катта депутат 18-ноябрда саат 13:00гө чейин кабинетти бошотуу керектиги айтылат. Бул жумуш орундарын тартипке келтирүү жана оптималдаштыруунун алкагында жасалып, депутатка башка кызмат иш бөлмө берилээри жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости