www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын Олий Мажилисинин Сенаты Кыргызстан менен болгон мамлекеттик чек араны делимитация кылуу келишимин жана Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча макулдашууну бир добуштан ратификациялады. Бул тууралуу парламенттин жогорку палатасынын Telegram-каналында айтылган.
Депутаттар бул документтерди бир добуштан колдогон.
Эске салсак, 2022-жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча келишим долбоорун жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча макулдашууну колдогон.
Эмки кадам эки өлкөнүн президенттеринде калды.
Булак: NazarNews.kg