www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Кундузбек Кошалиевич, чек ара чыр-чатагынан жабыркаган Баткендеги турак үйлөрдү, социалдык объектилерди калыбына келтирүүгө элден эле 320 млн. сом акча которулган экен. Бирок, кэчээ эле Баткенге барып келген бир топ депутаттар бирин-экин үйлөрдүн пайдубалы тургузулганын эсепке албаганда, дээрлик эч кандай иш жасалбаганын айтып келишти. Кандай деп ойлойсуз, эмне үчүн жыйналган акча дарегине жеткен эмес?
- Жетпей калышы мүмкүн эмес. Мындай да... Жаман дей берсек, жакшысын ким берет бизге? Азыр курулуш фирмаларың да итбайчотбай болуп атпайбы. Акчаны алып алышат дагы, “эртең кылабыз, бүрсүгүнү кылабыз” деп чоё беришет. Же аларды эчтеке кыла албайсың. Соттосоң акча кетип калган, дагы башкасын алып келиш керек. Айтор, нюанс көп. Бир адамдын тагдырын чечиш кыйын го. Бул жерде болсо канча адамдын тагдыры бар. Мен “иштебей жатышат, эчтеке жасалган жок” дегенге көп деле ишене албайм. Ушунча элди суукта талаага жаткырып коюп, кантип иштебей койсун? Бирок, жетиштүү көлөмдө иш болбой жатышы мүмкүн. Ал жерде бир эле үй эмес да дароо эле кура койгондой. Курулуш фирмалары жетишпей жатат го дейм, менин түшүнүгүмө караганда.
- Демек, акча желип кеткен эмес дейсизби?
- Жок, жок! Мындан акча жеген киши жыргабайт. Бул дүйнөдө болбосо аркы дүйнөгө барып жооп берет. Пандемия учурунда адамдар боо-боо түшүп калышты. Ошолордун эсебинен кантип акча жасашты, айланайын? Жадагалса СИЗдер (жеке коргонуу каражаттары) алынган эмес, башка дары-дармектерди айтпай эле коёюн. Ошондон акча кылбай эле койбойбу! Ошолордун ордунда сенин бир туугандарың деле болуп калышы мүмкүн да! Менин жекече оюм ушундай. Бирөөнүн кайгысынан, жамандыгынан акча издеген адам... Эми пендечиликте ар кандай болот, кээде жеп кетиши мүмкүн. Бирок, мындай учурларда жебеш керек.
Булак: Азия News гезити