www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын эгемен мамлекет болгонунун бир чоң пайдасы — улуттук тарыхыбызда аты жакшы аталбай, аталса да ооз учунда гана айтылып, илимий жактан жетиштүү баасын албай келген улуу инсандарыбызды кайрадан жандандырдык, тарыхыбыздан тиешелүү орун таап бердик.

Деле кийинки чейрек кылым доорду тарых илиминин Ренессанс доору, Кайра жаралуу доору деп атасак туура эле болчудай. Курманжан датка энебизден тартып Шабдан баатыр, Ормон хан, Пулат хан, 1937-38-жылкы репрессиянын Касым Тыныстанов баштаган курмандыктары, Жусуп Абдрахманов менен Баялы Исакеев, Исхак Раззаков, дагы ушул сыяктуу ондогон ысымдарды толугу менен реабилитация кылдык, окуу китептерине аттары кирди.

Бирок аттары аталды, окуу китептерине ысымдары кирди деп эле тиешелүү үгүт-насыят иштерин токтотуп коюу да туура эмес. Колдон келсе ар бир жолу ошол тарыхый инсандардын жасаган иштери же кылган эрдиктери тууралуу элге-журтка, айрыкча жаңы муундарга төкпөй-чачпай кеп кылып берип турушубуз максатка ылайык, анткени «көзү өткөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт» деген акылман кеп бар эмеспи.

Албетте эл ичиндеги ынтымактын начардыгы, улут катары биримдиктин жоктугу кыргыз тайпаларынын өз ара тыгыз карым-катнаш кылышына негизги тоскоол болгон. Кыргызды тышкы душмандардан сактаган аскасы асман тиреген тоолор болгон деп айтабыз, бирок ошол эле бийик ашуулар менен терең капчыгайлар эл ичиндеги тыгыз байланыштарга негизги тоскоол болуп саналган. Ошол жана ошол сыяктуу себептер бир же бир нече жолку аскерий жеңишти саясий, тагыраак айтканда геосаясий инструментке айландырууга мүмкүнчүлүк берген эмес. Ошентип кыргыздар узак убакыттар бою бирде жеңип, бирде жеңилип, бирок эч качан баш бириктире албай жашай берген, - деп Каныбек Бакир уулу какшап жазып келгени бар. 

Кызыгы, учурдагы кырдаалга көз жүгүртүп көрүп, тарыхка кайрыла турган болсок жогорудагы айтылган сөздөр бүгүнкү күндүн талабына шайкеш болуп такыр өзгөрүү жоктой. Мекенчилдик сезим менен айкырык-кыйкырык болгонубуз менен артка кеткенден ашыкча деле иш кылган жокпуз. Ар бир жарандын кыялы мээсинде точкасы болуп же болбосо деле президент, депутат, Өкмөт башчысы болгусу келгендерге таң калып бүтпөйсүң. 

Артка кылчайып эмес, алдыбыздагы Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду не деген үмүттөр менен үлгү катары көрүп, алакандай эл алаканына салып бийликке алып келгени талашсыз. Тилекке каршы, коомчулукта Кемпир-Абад тууралуу талкуу болуп элибиз эки анжы ойдо турганы айдан ачык көрүнүп турат. 
Баса, акыркы учурда эл арасында “Жапаровдун бийлиги учуп түшөт” дегенден бери жашыруун президенттикке даярдангандар көбөйдү. Башкы сапта Сапар Исаковдун кулагы көрүнсө, таң калычтуусу Ташиев менен Садыр Жапаровдун жанындагылар акырын даярдык кылып, алды көзү ачыктар менен манасчыларды кеңсесине чакырып, алды аян айттырып, кан чыгарып, чети молдо чакырып баштаганын каңкуулап койсок ашыкча болбос.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости