www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ташкент акыркы жылда үчүнчү жолу дүйнөдө абасы өтө булганган шаарлардын ичинен биринчи орунга чыкты.
Абанын сапаты индексинин (IQAir) маалыматы боюнча 18-октябрда Ташкентте абанын булгануу көрсөткүчү 101-150гө чыкты, бул айрым топтогу кишилер үчүн кооптуу деп эсептелинет.
17-октябрда «Узгидромет» абада чаң өтө көп болуп жатканын белгилеп, жашоочуларды мүмкүн болушунча үйдөн чыкпоого чакырып, көчөдө жүргөндө медициналык беткап тагынууну жана аны саат сайын алмаштырууну сунуштаган.
Соцтармактардын колдонуучулары мындай абалга бак-дарактарды жапырт кыюу жана соңку жылдары Ташкенттин экосистемасына келтирилген зыян себеп болуп жатканын айтышууда.
IQAir индексинде Ташкент дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын бири катары аталган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму абанын булгануусуна эски үлгүдөгү автоунаалардын күн санап көбөйүп баратканы бирден-бир себеп болуп жатканын маалымдаган.
Уюмдун эсебинде, Өзбекстанда абанын булгануусунан ар бир 100 миң кишинин 81и көз жумат.
Булак: NazarNews.kg