www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташиев Рахмон менен эмне жөнүндө сүйлөштү?

Бүгүн КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын борбору - Душанбе шаарына жасаган сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди.

Ишенимдүү булактан алынган маалыматка караганда, генерал Ташиев Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон менен жолугушуп, анда эки өлкө ортосундагы чыңалуу жараткан бардык маселелер талкууга алынган.

Сүйлөшүүлөр өтө оор маанайда өткөнүнө карабастан, Ташиев менен Рахмон бир пикирге келишкен, бардык маселелер боюнча макулдашууга жетишишти. Ошол эле баарыбыздын көкөйүбүзгө көк таштай тийген чек ара маселесине да буюрса чекит коюла турган болду.

Ташиевдин Душанбеге жасаган сапары эмне үчүн жашыруун болгону белгисиз. Ошентсе да, мамлекеттин эртеңки тагдыры үчүн маанилүү сапар болгону талашсыз!

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости