www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Доссекретарь» Камчыбек Ташиев жандосу президент Садыр Жапаровго куртка кийгизген. Бул тууралуу Жапаров өзү соцтармактарга чыгып, Ташиев кийгизген куртканын баасы айтылбаган сыр бойдон калып баратат. Ташиев Жапаровго жаман-жуман куртка кийгизмек беле, куртканын баасын айтып деле коюшса болмок. Доссекретарь Камчыбек Ташиев Германиядан жүрөгүнө операция жасатып келер менен чек ара көйгөйлөрү жүрөккө сайылган Баткенге жөнөгөн. Доссекретардын чек ара маселеси боюнча Баткен облусуна барган видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.Кадрдан Ташиев чогулган тургундарга иш-сапарынын планын айтып берип жатканын көрүүгө болот. Анын жанында жаңы дайындалган өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев турат. 12-февраль күнү Германияда Ташиевдин жүрөгүнө операция жасалып, ийгиликтүү өткөнү белгиленген. Ал 18-февралда кайтып келип, дароо чек арадагы кырдаал менен таанышуу үчүн Баткенге барган. Доссекретарь Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушту. Жолугушууда ал Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш аймактардагы талаштуу маселелерди чечүүдө баардык жоопкерчилик өз моюнунда экенин айтты. Ал Тажикстан менен чек араны делимитациялоо иштери март айынын алгачкы он күнүндө, Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр марттын экинчи он күндүгүндө кайрадан жанданат деп билдирди. «Быйылкы жылы чек аранын 150 чакырымы демаркация болот, тикен зым менен тосмолор коюлат. Мурда жылына он беш чакырымдай эле демаркация болуп турган экен. Мен чек арага байланыштуу баардык маселеге жооптуумун»

 «Мамлекеттик чек ара боюнча жооп бере турган мамлекеттик чоң кызматкер мен болуп эсептелем. Биз өзүбүздүн коопсуздукту сактоо үчүн баардык нерсеге барууга даярбыз. Делимитациядан өткөрүп, демаркация жүргүзүп, март айында Тажикстан менен сүйлөшүп, буйруса иш баштайбыз. Өзбекстан менен сүйлөштүк. Сүйлөшүүлөр талашып, тартышып оор жүрөт», - деди Ташиев.

Март айынын башында Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара боюнча мамлекеттик комиссия ишин жандантат. Бул туурасында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. Ташиев чек араны тактоодо жер алмашуу болоорун, бирок аны түшүнүү менен кабыл алууга чакырды. Бирок мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген бир да чечим кабыл алынбай турганын баса белгиледи. «Бул жерден 10 жер алыш үчүн, аркы жагынан эки-үч жер бергенге туура келип атат. Муну силер туура түшүнүшүңөр керек. «Ата-бабам мал багып жүргөн жайлоо эмне үчүн өтүп кетти» деп чыкпай, сабыр кылып туруңуздар. Картаны, документти карап бир чечимге келебиз. Мисалы, Ала-Букадан жер берсек, анын ордуна Сузактан алабыз. Көбүрөөк жер алыш үчүн мамлекеттин бир ууч жерин беребиз. Баары биз ойлогондой боло бербейт, кээде коңшулардын көңүлүнө карап каласың», — деди Ташиев.

Ошондой эле ал өткөн жылы декабрда Өзбекстандан делегация Бишкекке келип эки күн жүргөнүн айтты. Анда дагы талаш-тартыш түнкү саат 3:00гө чейин созулуп, эки тарапка тең туура келе турган протоколго кол коюлганын кошумчалады. Аны менен катар мындан ары кыргыз бийлиги Чек ара кызматын күчтөндүрө турганын билдирди. Мындан сырткары, Ташиев Баткен облусундагы коррупция, контрабанда фактылары аныкталбай жатканына нааразы болду. Бул боюнча бүгүн УКМКнын жана Чек ара кызматынын кызматкерлерине чогулуш өткөрө турганын айтты.

Ташиев аткезчилик токтотула тургандыгын да айтты: "Мындан ары Баткендеги чек арада контрабанда болбойт. Тажикстан жүк келип, эч кандай акчасын төлөбөстөн өтүп кетпейт. Мыйзамдын чегинде гана баардык чек араны "жестко" кармап турабыз. Ал сиздердин сурооңуздар боюнча жайыт жерлер боюнча маселе чечилет. Мына УКМКнын башчысы келип айтыптыр деп угушаар. Коңшу өлкөлөрдү тынчтыкка, ынтымакка чакырабыз. Эгер коңшу өлкөлөр бизге кандай мамиле кылса ошондой мамиле болот. Бул коңшу өлкөлөр өз билемдигине салып, такталбаган жайлоолорго жана жайыт жерлерге биздин элди, малдарды чыгарбай жатышса биз чара көрөбүз. Биз тараптан дагы өздөрүнө жараша жооп болот. Биз дагы эмне кылышты билебиз. Баарыбыз бул боюнча кеңештик. Андыктан бул маселеге тынчсызданбай эле коюңуздар",  - деди Ташиев.

“Көрөсүздөр эртеңден баштап бир нече чоң чиновниктерди камакка алабыз. Себеби алар элдин канын соргондор. Жөндөн-жөн адамга тийбейбиз. Мындан ары кимдир бирөө коррупция кылганды же кылам деген такыр оюна келбеши керек. Мамлекетке жакшынакай болуп иштеп берем же болбосо, мен оңдой албайт экенмин, мен иштебейм мал багайын деп малын баксын”, - деп билдирди ал өз сөзүндө. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев түштүк регионун көзөмөлдөйт делген «Дженго» каймана аты бар кримтөбөл Кадыр Досоновду кантип кармаганы туурасында айтып берди.

Ташиевдин айтымында, чекисттер «Дженгону» кармоо үчүн үч ай бою артынан аңдып жүргөн. «Аны кармайын десең эле Баткен аркылуу Тажикстанга кирип кетет. Бир канча убакыттан кийин кайра Кыргызстанга чыгып келет. Кармайын десең дагы Тажикстанга кирип кетет. Акыры Тажикстандын УКМК төрагасы менен сүйлөшүп, чек арасынан кууп чыгартып анан кармадык», — деди Ташиев. Эске сала кетсек, кылмыш дүйнөсүндө аты чыккан өкүлдөрүнүн бири Кадырбек Досонов кармалып, 12-февраль күнү камакка алынган. Ага өткөн жылдын ноябрь айында оор кылмышка шектүү деп издөө жарыяланган болчу. Жакында эле кримтөбөлгө эч жерде иштебей туруп байлык топтогону үчүн мыйзамсыз кирешелерин адалдаштырган деген айып тагылды. УКМК Досоновдун жакын туугандарына жана ага байланыштуу башка адамдарга катталган ар кандай класстагы 19 автоунаа, 15 турак жай жана 35 жер тилкеси сыяктуу көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээлик кыларын билдирди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости