www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыпаркүл Турсунбаева сыйлык берүүдөгү алешемдиктер боюнча Садыр Жапаровго ачык кат жолдоду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичке

Турсунбаева Джыпаркүлдөн

Урматтуу Садыр Нуркожоевич!

Сизге кайрылуумдун себеби төмөндөгүчө:

Мамлекетибизде жаңы Бийлик орноп, көп тармакта коррупцияга каршы иш жүрүп жатат болгону менен, Мамлекеттик сыйлыктар боюнча коррупцияны апогейине жеткирген, Президенттин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча Мамлекеттик комиссиянын жооптуу катчысы, Мамлекеттик сыйлыктар боюнча коррупциянын «энеси» Сманбаева Жылдыз менен аталган комиссиянын мурдагы эксперти, азыркы Президенттик аппараттын катардагы кызматкери Кутманов Алтынбекке эч бир чара колдонулбастан, ошондой ыплас кадрларды жооптуу кызматта калып кеткени өтө таң калыштуу. Бул экөө Мамлекеттик сыйлыктарды каалашынча калчап, натыйжада, Мамлекеттик сыйлыктар сутенер, аферист, көз боемочулар, кылмышкерлер, айкырып 1 ыр, кыңшылап 2 ыр ырдаган көчө-той ырчыларына, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өзүн кайра-кайра Мамлекеттик сыйлыкка көрсөткөн Мамлекеттик чиновниктерден өйдө, Мамлекеттик сыйлыктар боюнча жобону одоно бузуу менен, эч бир талапка ылайыктуу документсиз, мыйзамсыз берилип турду. Ошол эле учурда, Маданият тармагына ак эмгек өтөп, бүт өмүрүн көп тармактуу Кыргыз искусствосунун өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон таза чыгармачыл инсандардын талапкерлигин сунуштаган документтерди Сманбаева Жылдыз менен Кутманов Алтынбек кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланып, Мамлекеттик комиссиянын кароосуна киргизбестен туруп, артка – келген жагына мыйзамсыз айдап турушкан.

Сманбаева Жылдыз Аскарбековна менен Кутманов Алтынбек Аскаровичтин жасаган мыйзамсыздыктарына айрым гана мисалдар:

1. Президент Атамбаевдин Маданият тармагы жакын досу Икрам Илмияновдун көзөмөлүндө болгону эч кимге жашыруун эмес. Ошол убактагы Маданият министрибиз Казаков Түгөлбай ошонун колдоосу менен келип, анын жетелендисинде калганы жалпы коомчулукка жакшы маалим. Икрам Илмияновдун бир тууган бөлөсү Асан Мансуров С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрынын директору болуп турганда, аялы Самара Каримова экөө билгенин кылып келип, акыры эмгек жамааты көтөрүлө баштаганда, Мансуровду иштен алгандын ордуна, ага «Кыргыз Республикасынын Маданиятына Эмгек сиңирген ишмер» наамына жолдомо берип, ал наам ыйгарылды. Ал дагы аз болду окшойт, Мансуровду кызматтык тепкич боюнча өйдөлөтүп мыйзамсыз министрдин Түштүк регион боюнча орун басары деген кызматтык штат ачып, кызмат тепкичи менен өйдөлөттү. Болгондо да министрликтин банктагы эсеп-кысабындагы акча каражатынан өйдө кол коюп, кыймыл жасаганга чейин мүмкүнчүлүк берип койду. Асан Мансуров эмне кылды, Ош, Жалал –Абад, Баткен жергесиндеги Маданий мекемелерди каалашынча калчап, бай-манаптык башкаруу системасын түздү. Каалаганын кызматка коет, каалаганын алат, эч бир мыйзам иштебей калды. Ал да аз болду окшойт, аялы жаңыдан чыгып келаткан жеке ырчы Самара Каримова дегенге эч бир министрликтин коллегиясынын чечимисиз эле, «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти» наамы ыйгаруу боюнча мыйзамсыз жарлык чыкты. Каримованын аталган сыйлыкка талаапкерлигин эч бир тиешелүү документсиз өткөрүп, Президенттин алдындагы Мамлекеттик комиссияга киргизбей туруп, Президентти жарлыкка кол койдурган Сманбаева Жылдыз Аскарбековна менен Кутманов Алтынбектер болушкан. Коомдо ызы-чуу боло түшкөндө экс-президент Атамбаев Самара Каримовага аталган Мамлекеттик сыйлыкты тапшырбай койгон. Бирок, Президенттин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын өзүм билем жооптуу катчысы Сманбаева Жылдыз менен эксперти Кутманов Алтынбектер Каримовага тымызын, жең ичинен берип коюшкан. Аталган Мамлекеттик сыйлыктын жобосу боюнча тиешелүү билими болуп, 15 жылдан кем эмес Мамлекеттик Маданият мекемесинде талыкпай эмгектенген чыгармачыл адамга бериле турган жогорку даражадагы сыйлык. Ал Мамлекеттик сыйлык кимге берилди? Самара Каримова аттуу 2 ыр ырдап жаңыдан чыгып келе жаткан көчө -той ырчысына берилди. Ошол Сманбаева Жылдыз менен Кутманов Алтынбек өткөрдү. Мамлекеттик сыйлыктар боюнча жобону одоно бузгандык - булмыйзамсыздык. Мыйзамсыздыкка жол берген Сманбаева Жылдыз менен Кутманов Алтынбек аттуу кызматкерлердин кыймыл-аракетине кызматтык эч бир чара көрүлгөн жок, эч бир юридикалык баа да берилбей келди.

2. Ошол убактагы Маданият, маалымат жана туризм министри Казаков Түгөлбайдын аялы «Кыргыз Республикасынын Маданиятына Эмгек сиңирген ишмер» аттуу Мамлекеттик сыйлыкты эч бир тиешелүү документсиз алды. Анын талапкерлигин да Сманбаева Жылдыз менен Кутманов Алтынбек мыйзамсыз өткөрүшкөн.

3. Дагы бир коллегия мучонун аялы, катардагы артист Жумалиева Жумакүл дегенге эч бир негиздүү документсиз «Кыргыз Республикасынын Эл Артисти» наамы ыйгарылган. Анын талапкерлигин да мыйзамсыз Сманбаева Жылдыз менен Кутманов Алтынбек өткөрүшкөн.

4. Жалган, жасалма, мыйзамсыз дипломдордун негизинде КРдин Маданият, Маалымат жана Туризм министрлигин көзөмөлдөгөн Коомдук Кеңештин төрагалыгына чейин жетип, ошол жалган документтерди негиз кылып көз боемочу аферист Арстанбекова Бүбайша деген «КРдин Маданиятына Эмгек сиңирген ишмер» Мамлекеттик сыйлык ыйгарылат. Бул Арстанбекова Бүбайша Кулуевна деген баягы бийлик алмашкан сайын, утур бир «маска» кийип, саясат оюнун ойноп, өмурүндө дайындуу иштеген иши жок, дайындуу жашаган жери да жок, Бакиевдин учурунда ОБОН ун жетектеп, көчөгө аялдарды уюштуруп, пикетчиленип жүргөн аял экенин жакшы билебиз. Болгону 8 класс толук эмес орто билими бар, бирок «Кыргыз Мамлекеттик СССРдин 50 жылдыгы атындагы университеттин кыргыз тили жана адабияты факультетин 1980-1985-жылдары окуп, ийгиликтүү аяктап, филолог болду» деген жалган диплом жасап, ошону негиз кылып Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын магистранты болду деген мыйзамсыз дипломду негиз кылып, ошол жалган дипломдорду бетке кармап көз боемочулук жол менен Маданият министрлигинин үстүнөн көзөмөлдөгөн Коомдук кеңештин төрагалыгына чейин жетишкен да, ошол жалган документтер менен Мамлекеттик сыйлыктарды Маданиятка эч тиешеси жок аферисттерден өйдө алып олтурушат. Ошол аферист Арстанбекова Бүбайшанын көз боемочулугу ашкере болуп, кылмыш иши козголо турган болгондо, Арстанбекова аферист ызасына чыдабай, жанына өзүнө окшогон 2 аялды ээрчитип алып, менин жолдошум Нурканбек Турсунбаев иштеген Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрына барып, репитициядан чыкканын күтүп олтуруп, коомдук тартипти одоно бузуу менен, хүлигандык жол менен, атасындай болгон, 80 жаш таяп, улгайган адамды карактап сабап, натыйжада ал башынан оор жаракат алып, ооруканага жатып калган. Ошентип, жасалма, жалган, мыйзамсыз дипломдорду жасап, пайда көрүү максатында пайдаланганы тууралуу кылмыш ишинен тышкары, хулигандыгы үчун дагы кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө амалдары башталганда, жанына өзүнө окшогон аферист, мурда ондогон эпизоддор менен көз боемочулук беренеси менен соттолгон Бодошбекова Сайракан аттуу курбу аялын алып алып, жолдошум Турсунбаевди жана мени өлтүртүүгө, башыбызды 10000 Америка долларына баалап, буюртма берип, анын 1000 долларын алдын ала төлөп берип, киллер жалдайт. Ал киллер акыркы күнү аталган бүюртманы аткаруудан баш тартып, укук коргоо органдарына өзү кайрылып, арыз жазат. Ошентип, Арстанбекова Бүбайша аферистке киши өлтүртүүгө буюртма бергени боюнча кылмыш иши козголуп, анын баардык кылмыш иштери бир өндүрушкө алынып, ал оор кылмыш боюнча кылмыш ишти ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы тергеп, күнөөлөрү толугу менен далилденип, кылмыш иши сотко ашкан да, азыркы күндө Биринчи Май райондук сотунда каралууда. Ушундай оор кылмышка башкы себепкер - бул Мамлекеттик сыйлыкты мыйзамсыз ыйгаруу болгон. Мына, Сманбаева Жылдыз менен Кутманов Алтынбектин Мамлекеттик сыйлыкка татыксыз, негизсиз документтер менен өткөрүп, Мамлекеттик сыйлыкты каалашынча калчап каалаганынын документерин өткөрүп, мыйзамсыз Мамлекеттик сыйлык ыйгартылганынын кесепети эмне деген криминалдашкан жагдайга себепчи болду. Сманбаева Жылдыз менен Кутманов Алтынбектин мыйзамсыз кадамынын жыйынтыгы. Бул боюнча Сманбаева менен Кутманов Алтынбекке эч кандай чара колдонулбай келет. Эгерде Мамлекетибизде мыйзам иштегенде ушул эле жалгыз 1 факты - аферист Арстанбекова Бүбайша боюнча эле Сманбаева Жылдыз менен Кутманов Алтынбекти иштен четтеткенге башкы негиз болуп бермек. Тилекке каршы, ушундай айныксыз фактыларга карабастан, ушул күндө да эч бир чара колдонулбай келет.

5. Маданият, маалымат жана туризм министринин экс-орун басары Темирбекова Айнура деген Сманбаева Жылдыздын жакын дос-курбусу болгон. Бул дос-курбусу эч бир уялбастан туруп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өзү министрликте коллегия мүчө болуп туруп, өзүн кайрадан-кайра Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтө берген. Натыйжада 2016-жылы Президенттин Ардак грамотасы ыйгарылат, ал эми 2018-жылы «КР Маданиятына Эмгек сиңирген ишмер» аттуу Мамлекеттик сыйлык ыйгарылат. Темирбекова Айнура Кубанычбековнанын Маданиятка эч тиешеси жок, чыгармачыл адам эмес, бар болгону Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде орун басарлык кызматты аркалаган Мамлекеттик чиновник. Аталган сыйлык чыгармачыл инсандарга бериле турган Мамлекеттик сыйлык. Жобого ылайык аталган Мамлекеттик сыйлыкка 15 жылдан кем эмес Маданият тармагында кызмат өтөгөн чыгармачыл инсанга бериле турган сыйлык. Темирбекова Айнура Кубанычбековнанын талапкерлиги эч бир рамкага кирбейт жана министрликте иштеген 2 жыл аралыгында 2 Мамлекеттик сыйлыкты эңген боюнча, изи сууду. Мамлекеттик сыйлыктар боюнча жобого ылайык Мамлекеттик сыйлыктардын ортосу 5 жылдан кем эмес болуш керек болсо, Сманбаева Жылдыз Аскарбековна курбу-досу Темирбекова Айнура Кубанычбековнанын документтерин Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссияга эксперт Кутманов Алтынбек менен биргеликте мыйзамсыз киргизип, Мамлекеттик сыйлыктар боюнча жобону одоно бузуп, аталган сыйлыкка талапкерлигин өткөрүп, сыйлык алган. Бул мыйзамсыздык үчүн дагы Сманбаева Жылдыз менен Кутманов Алтынбекке эч бир чара колдонулган жок.

6. Министрликтин коллегиясынын эч кандай чечимисиз Күмөндөр Абыловго «Кыргыз Республикасынын Эл артисти», Кайрат Примбердиевге «КРдин Эмгек сиңирген артисти», Гүлзада Рыскуловага «КРдин Эмгек сиңирген артисти», Гүлжигит Сатыбековго «КРдин Эмгек сиңирген артисти» ж.б.у.с. Мамлекеттик сыйлыктар Президенттин алдындагы комиссияга керек болсо киргизбестен туруп, Президентке сунуштап кол койдурушкан. Мен бул аты аталган чыгармачыл улуу-кичүүгө эч бир каршылыгым жок. Бирок, мыйзам талап кылган шарттар бирине колдонулуп, бирине колдонулбай келгени боюнча далил катары бул мисалдарды келтирүүгө аргасыз болдум. Ушул мыйзамсыздыктар боюнча учурунда Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын ошол убактагы мүчөсү, «КРдин Эл артисти» Саламат Садыкова нааразычылыгын билдирип, ММКларда өз пикирин билдирип келди.

7. Ошол эле учурда, бүт өмүрүн искусствого 67 жылдап арнаган нукура чыгармачылык инсан, менин жолдошум Нурканбектин Жогорку Кенештин тармактык комитети менен Маданият министрлигинин коллегиясынын чечими менен «КРдин Эл артисти» Мамлекеттик сыйлыкка жолдонуп келген документтерин Сманбаева Жылдыз менен Кутманов Алтынбек комиссияга киргизбестен туруп, артка кайтарып жиберишкен. Ошол мыйзамсыздыктарын жаап-жашырып калыш үчун, көз боемочулукка да барышты, чындыкка дал келбеген маалымат камтылган, жалган мазмуундагы каттарды биздин дарегибизге жөнөтүштү, ал эле эмес Сманбаева Жылдыз телефондон менин жолдошум Нурканбектин жана менин дарегиме биздин кадыр-баркка шек келтирип мазактаган, Мамлекеттик кызматкерге ылайыксыз жосундарын көргөзүп да көрүштү. Президенттик аппараттын кызматкерлери болгондуктан, эч ким эч нерсе кыла албайт таризинде чектен ашып, билген мыйзамсыздыгын жасап келе жатышат. Азыркы учурда «ыйлаган кыз, ыйлабаган кыздын бетин тырмайт» дегендей, Сманбаева Жылдыз менен Кутманов Алтынбектин мыйзамсыз иш-аракеттеринин бетин айла кеткенде ачканыма байланыштуу, бүт өмүрун, 67 жылдык ак эмгегин көп тармактуу Кыргыз искусствосуна арнап келаткан Турсунбаевдин талапкерлигин «КРдин Эл артисти» наамына өткөрбөш үчүн, колдорунан келген бут тосуу менен 4 жылдан бери тынбай аракет кылып келишүүдө.

8. Сманбаева Жылдыз менен Кутманов Алтынбектин Мамлекеттик сыйлыктар боюнча жасаган мыйзамсыздыктары чектен ашып, жолдошум Турсунбаевге Сманбаева Жылдыз менен Кутманов Алтынбек тараптан болуп көрбөгөндөй бут тосуучулуктар Коомдо болуп көрбөгөндөй резонанс жаратканда, Кыргыз коомунда өзгөчө орду бар, залкар чыгармачыл инсандар СССРдин Эл артисти Кайыркүл Сартпаева, КРдин Эл мугалими, кадимки Кыргыз Республикасынын гимнинин соавтору Шабданбек Кулуев, КРдин Эл артисти Дарика Жалгасынова, КРдин Эл акыны Гүлсайра Момуновалар өзүлөрүнүн калыс пикирлери менен атайлап Президентибиз Жээнбеков Сооронбай Шариповичке кайрылуу жолдоп кайрылса, аларга Кутманов Алтынбек Аскарович телефон аркылуу байланышка чыгып (телефону 0773-70-30-03), аларга кысым көрсөтүп, менин жолдошум Турсунбаев тууралуу аларга чындыкка дал келбеген терс пикирлерди таңуулап, коркутуп, үркүтүүгө өтөт. Ошол окуядан кийин Эсеналиев Досаалыга арыз менен кайрылсак, биринчи орун басары Кененбаев Алмазга түртө салган, анысы кабыл алып чукул арада жооп беребиз деген убадасы, убада боюнча калды. Көрсө, «карга карганын көзун чукубайт» демекчи, Президенттик аппаратта чогуу иштегендиктен бирин-бири кубаттап, жаап-жашырып келди. Президенттик аппараттын жетекчиси Эсеналиев Досаалы менен биринчи орун басары Кененбаев Алмаз кол алдындагы кызматкерге чара колдонгондун ордуна, тескерисинче, алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин жаап-жашырып келди. Ал эле эмес, ошончо абийири төгүлгөн Кутманов Алтынбекти арыдан бери Президенттик администрацияда эле башка бөлүмгө специалист кылып которуп жиберишкен. Сманбаева Жылдызга чексиз кызматтык иммунитеттин берилишинин башкы себеби – бул Сооронбай Жээнбеков Президентти шайлоодогу Президенттик шайлоодо штабын жетектегени болгонун кийин билдик. Бул ыпластар – Сманбаева Жылдыз менен Кутманов Алтынбектин мыйзамсыз жоруктары, кыймыл-аракеттери тигинтип адам өлтүртүүгө буюртма берген кылмышка себепкер болгонуна карабастан Президенттик аппаратта качанга чейин кармалат деген соболду бергим келет.

9. Ал эми жогорудагы Сманбаева Жылдыз жана Кутманов Алтынбек боюнча Аппарат жетекчи Алмаз Усеновдун учурунда 1 жолу, Фарид Ниязовдун учурунда 7 жолу, Эсеналиев Досаалынын учурунда 11 жолу кайрылган арыздарым эч бир кароосуз да, жоопсуз да калып келди. Ал эле эмес алардын үстүнөн жазган айрым арыздарым болгондо да Президенттик аппараттын канцеляриясынан изсиз жоголгон учурлар да болду. Айлам кеткенде Башкы прокуратурага кайрылсам, Жогорку бийликтин өкүлчүлүгүнүн кызматтык адамдарынын жасаган кылмышы боюнча ГКНБ карайт деп, арызым ГКНБ га жөнөтүлгөнүн койбойт, алар 3 жылдан ашык убакыттан бери мыйзамдуу чара колдонбостон, аталган экөө Президенттик аппараттын кызматкерлери болгондуктан, алардан эң эле жөнөкөй Президенттин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын документтеринин көчүрмөлөрүн ала албай жатабыз, бизди тоотпой жатат деген шылтоо айтып келишти. Дагы бир кайрылуума, Сманбаева Жылдыз менен Кутманов Алтынбек комиссиянын жыйынында эч кандай протокол түзүлбөйт, ошондуктан, эч кандай документ бере албайбыз деген шылтоо айтып жатышат деген жоопту айтып турушту. Мамлекеттик иш-кагаздардын жобосу боюнча кандай гана коллегиялдуу орган болбосун, протокол түзүлүшү сөзсүз шарт болуш керек. Эгерде бул экөө Президенттин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жыйынын мыйзам талабында уюштуруп өткөрүүгө жооптуу жана милдеттүү болуп туруп, эң жөнөкөй жобону аткарбай жатса, анда алардын мыйзамсыз кыймыл-аракеттери үчүн эмне үчун мыйзам түрүндө юридикалык баа берилбейт да, мыйзам түрундө чара колдонулбайт деген суроого мыйзам түрундө чара көрүп жооп берген киши жок. Мыйзам алдында баары бирдей жоопкерчиликте деген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын эрежесин ким аткарыш керек?! Эгерде ГКНБ кызматы ушундай шылтоолорду айтып жатса, анда Мамлекетибизде кайсы коррупцияга каршы күрөш боюнча сөз болушу мүмкүн?!

10. Сманбаева Жылдыз боюнча акыркы фактылардын бирин мисал кылып коюуну келтирип коюуну туура көрдүм. Быйылкы жылы Нурканбек Турсунбаевдин «Кыргыз Республикасынын Эл артисти» наамына Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата көрсөтүлгөн документтери Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин № 05-2/455 от 14.07.2020 –жылкы документи, Президенттик аппараттын № 40-7475 от 15.07.2020 – жылы Эгемендүүлүк күнүнө карата Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссияга киргизбей койгон. Бул тууралуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча Назира аттуу кызматкериңиздерге телефон чалганымда, азыркы комиссияга Нурканбек Турсунбаевдин документтери кирбегенин, кышында Жылдын жыйынтыгына калды деп жооп берген - 62-53-70 телефонуна министрликтин кызматкеринин көзүнчө чалганымда. Жакынкы күндөрү документтерди такташ үчүн ошол эле Назира аттуу кызматкерге байланышканымда, мурда айткан сөзүн танып, Эгемендүүлук күнгө документтер каралып, анан кышка калды деп баягы Сманбаева Жылдыз Аскарбековнанын тили менен берилген маалыматты берип тынды. Ошентип, Сманбаева Жылдыз Аскарбековнанын кезектеги шылдыңы токтобой келет. Нурканбек Турсунбаев Сманбаева Жылдыз Аскарбековнанын атасын же энесин деле өлтүргөн жок эле. Ушундай чектен ашкан убаракерчиликти бул ыплас кадрыңар 2016-жылдан бери жасап келет. Ошентип, бүгункү күндө Нурканбек Турсунбаевдин документтеринин тагдыры белгисиз боюнча калып келет.

Жогоруда мен атап өткөн фактылар болгону чекеси гана. Мен келтирген фактылардын ар бири эле, өз-өзүнчө утур кийинки мыйзамсыздыктары кылына электе эле, Сманбаева Жылдыз Аскарбековна менен Кутманов Алтынбекти иштен четтеткенге толук негиз болуп берчү фактылар болчу. Тилекке каршы, чоң жерде иштегендердин, чоң байланышы болуп олтуруп ушуга жеттик.

Мындай мыйзамсыздыкты, Президенттик аппараттын ыплас кадрларынын мыйзамсыз кылыктарын дагы канчага чейин көтөрүп, канчага чейин чыдайбыз деген суроо салгым келет? Бул башаламандыктын мындан наркы уланбашына бир гана Сиз Президент катары катуу чара көрөсүз деген терең ишенимдемин. Мен мындай бүтумдүккө бекеринен келип жаткан жокмун. Мисалы, мен азыркы Бийлик келип, жакшылыктан үмүттөнгөн катардагы жарандардын сап тизмесинин башындагылардын биримин. Ошондуктан, Бийлик алмашып, Президенттик аппаратка жаңы жетекчи Касмамбетов Сүйүнтбек дайындалаары менен 23.11.2020 – жылы, дал ушундай мазмуундагы арыз менен кайрылып, ал арызымда кабыл алуусун да өтүнгөн элем. Тилекке каршы, ал кишинин кабыл алуусунда болгон жокмун, ал эле эмес, ал арызым убакыт өткөрүлүп, созулуп олтуруп, анан ошол Мамлекеттик сыйлыктар боюнча коррупциянын «энеси» Сманбаева Жылдыз Аскарбековна ыпластын колуна берилип, баягы эски айлампа кайрадан эле кайталанууда. Ушундан улам, мындай суроо жаралат. Эмне Сманбаева Жылдыз өзүнүн кылган мыйзамсыз кылыктары боюнча, өзү иликтеп, өзү жооп даярдайбы?! Мындай акмакчылык качанкыга чейин уланат деген суроо салгым келет.

Качанга чейин Мамлекеттик сыйлыктар ашынган кошоматчы менен «шайлоо арзыматтарына» пачкалап берилип, ошол эле учурда татыктуунун татыктуулары тебелендиде кала берет суроо салгым келет?!

Жогорудагылардын негизинде:

1. Сманбаева Жылдыз менен Кутманов Алтынбекке кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, атайлап убаракерчилик жараткан мыйзамсыз иш аракеттери үчүн токтоосуз иштен четтетүүңүздү жана бул ыплас кадрлардын мыйзамсыз иш-аракеттерине укуктук баа берүү үчүн, аталган фактылар боюнча материалдарды укук коргоо органдарына өткөртуп бердируунузду

2. Мени жеке кабыл алууңузга кабыл алууңузду өтүнөм. Арызымда камтылган баардык фактылар боюнча далилдүү документтерди тиркөө менен, муктаждык болсо, тийиштүү күбөлөрдү камсыз кылууга даяр экенимди билдирем.

Сизге терең урматым менен

Турсунбаева Джыпаркүл

Байланыш телефонум 0559-10-72-99

01.02.2021-жыл.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости