www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Германиянын Жаратылышты коргоо бирлигинин (NABU) аткаруучу директору Лайф Миллер менен жолукту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу Берлиндеги Кыргыз Республикасынын элчилигинде өткөн.

Элчи Германиянын Жаратылышты коргоо бирлигине көп жылдар бою үзүрлүү кызматташтыгы жана Кыргызстандын жаратылышты коргоо жаатында NABU долбоорлорун ишке ашырганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө маектештер аймактык экологиялык кызматташтыктын негизги багыттары боюнча пикир алмашып, Борбордук Азиядагы экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн көйгөйлөрдү чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости