www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Медицина илимдеринин доктору, «Эне жана баланы коргоо» улуттук борборунун кардиоревматология бөлүмүнүн башчысы менен маек.

- Кавасаки синдрому деген эмне? Анын пайда болуу белгилери кандай?

- Кавасаки өңдүү синдрому - бул коронавирус болуп айыккандардан чыга турчу оору. Көбүнчө эч бир симптомсуз ооруп айыккандар кабылышат. Анын негизги белгилери: тамандын жана билектин шишиши, калтыратма, конъюнктивит, ооз көндөйүнүн былжыр челинин жана эриндердин гиперемиясы, полиморфтук исиркектер, бир же бир нече моюнчалуу лимфа бездеринин чоңоюшу саналат. Ошондой эле, чыныгы кавасаки синдрому менен кавасаки өңдүү синдромдору айырмаланып тураарын эске алуу керек. Бул оорунун пайда болушунун анык себептери илимде тактала элек. Бирок, изилдөөлөргө караганда, сезгенүүнү чакыруучу суперангигендердин таасиринен улам пайда болгону тууралуу айтылууда. Коронавирус пандемиясынын фонунда бүткүл дүйнө жүзүндө бул диагаоз коюлган оорулуулар көбөйүүдө.

- Бул оору менен канча бейтап дарыланууда?

- Азыркы учурда бизде эки бала бул оору менен дарыланууда. Ал эми жалпысынан алсак, декабрь айынан бери аталган диагноз менен 15 бейтап түштү.

- Кавасаки синдромуна канча жаштагы балдар чалдыгат? Аны дарылоо кандай тартипте жүрөт?

- Кавасаки өңдүү синдрому менен көбүнчө 1 жаштан 8 жашка чейинки бөбөктөр оорушат. Бирок, 5 жаштан жогорку балдарда дагы кезигиши мүмкүн. Муну дарылоо атайын иштелип чыккан клиникалык протоколдун негизинде жүрөт.

- Үй шартында дарылоого мүмкүнбү?

- Бейтаптарды стационарда даарылайбыз. Конкреттүү профилактика жок. Мурда вирустук жана бактериологиялык мүнөздөгү антигендердин таасирин эске алуу менен оорунун алдын алуу жүрөт.

- Бул илдетке кабылган балдардагы айырмачылыктар эмнеде? Каза болгондор жокпу?

- Көбүнчө иммундук системасы тушүп кеткен балдар оорушат. Ошондуктан, азыркы кезде буга COVID менен ооругандар кабылууда. Кыргызстанда аталган оорудан улам каза болгондор каттала элек.

- Кавасаки жугуштуу эмеспи?

- Кавасаки өңдүу синдрому жугуштуу оору эмес. Ооруну өз убагында даарыласа, андан таза айыгып кетишет.

Булак: Азия News гезити

Последние новости