www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу районундагы мектептин имараты кулап калуу коркунучу бар

Кара-Суу районунун Курбан-Кара айылындагы Н.Исанов атындагы мектебинин имараты эскирип, ата-энелерди кооптондурууда. Жергиликтүү тургундар имаратта жаракалар бар экенин айтып жатышат.

Айыл тургуну Исфандияр Бостонбаев жамгыр жааганда бөлмөлөргө суу өтүп, көйгөй жаратаарын билдирди.

«Мектеп 1950-жылдары курулган экен. Эскилиги жетип, дубалдарынан жаракалар пайда болгон. Жаракалар жер титирөө болгон сайын чоңоюп жатат. Окуучулар кооптуу мектепте окушууда. Мектептин тамактануучу жайы дагы өтө начар. Айрым класстарда жылуулук жокко эсе. Эшик, терезелер дагы эскирген. Бул мектепти оңдоп-түзөгөнү менен кайра эле бузулат», - деди ал.

Мектептин директору Абдисултан Атаков маалыматты ырастап, окуучуларды аргасыздан окутуп жатканын айтты.

«Мектеп ашар ыкмасы менен курулган. Имарат 2017-жылы жер титирөөдө катуу жабыркаган. 3-даражада кооптуу деп корутунду чыгарып беришкен. Окуучуларды аргасыз эле ушул имаратта окутуп жатабыз. Эгер дагы жер титирөө болсо, урап калышы мүмкүн. Өтө кооптуу бир имаратты жаап койдук. Себеби коркунучтуу абалда турат. Жаңы имаратты бүтүрүп берсе жакшы болот эле», - дейт А.Атаков.

Буга чейин Курбан-Кара айылындагы жаңы курулуп жаткан мектептин имараты  2017-жылдан бери токтоп турганы айтылган эле.

Н.Исанов атындагы мектепте 308 окуучу билим алат.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости