www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30-мартта Ташкенттеги №1 тергөө абагында «Бек Тупи» базарынын мурдагы жетекчиси Шукриллахон Эргашев каза болду.

Өз булактар 57 жаштагы Шукриллахон Эргашевдин​ жүрөк оорусу кармап көз жумганын кабарлашты.

Эргашевдин туугандарынын бири ишкердин саламаттыгы жайында болбогонун тастыктады. “Февралдын башында Шукур-аканы “Таштүрмөдөгү” медициналык бөлүмгө жаткырышкан. Ал кант диабети менен ооручу, жүргөгү да начар эле. “Ал инфаркат болуп өлдү” деп айтышты. Биз буга ишенүүгө аргасызбыз. Жанында жок болчубуз, чынында эмне болгонун билбейбиз”, – деди ал.

Өзбекстан Башкы прокуратурасы ал инфаркт болуп өлгөнү тууралуу маалыматты ырастады.

Шаардык «Бек Тупи» базарынын мурдагы жетекчиси Шукриллахон Эргашев былтыр жайында кармалган. Ага карата кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана каражатты ыксыз коромжуга учуратуу айыбы тагылган.

Кылмыш ишиндеги материалдарга ылайык, «Бек Тупи» базарынын жетекчилиги эки миң тонна пиязды 3,3 миллиард сумга сатып алган. Ошол учурда Шукриллахон Эргашев базардын башчысы болгон, кийинчерээк иштен кеткен. Анын ордуна базардын жетекчилигине Батыр Ташматов дайындалган, учурда ал дагы “пияз иши” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак берүүдө.

2018-жылы жайында Ташкенттеги 11 ири базардын жетекчисине кылмыш иши козголгон, алар мамлекеттик кампаларда пияздарды чиритип жиберүүгө айыпталышкан.

Былтыр 12-ноябрда «Таштүрмөдө» базар жетекчилери менен чогуу камалган «Чилонзор буюм савдо комплекси» акционердик коомунун капиталдык курулуш бөлүмүнүн башчысы Дилшод Абдуллаев каза болгон.

Расмий маалыматтар боюнча Дилшод Абдуллаев тергөө абагында асынып алган. Бирок маркумдун туугандары абакта аны кыйноого алып, өлтүрүп коюшканын билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Последние новости