www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкен-Алматы поезди каттай баштады

Өзбекстандын Транспорт министрлиги билдиргендей, 2,5 жылдык тыныгуудан кийин Ташкен менен Алматы ортосунда жүргүнчү поезддин каттамы жандандырылды.

Биринчи поезд 17-майда Ташкендин Түндүк бекетине келди. Ал дүйшөмбү, шаршемби жана ишемби күндөрү "Алматы-2" станциясынан, шейшемби, бейшемби жана жекшемби күндөрү "Ташкен-Центральный" станциясынан жолго чыгат.

Поезд 24 вагондон турат жана бир учурда 425 жүргүнчүнү тейлей алат. Билеттерди кассадан жана электрондук түрдө алса болот.Казакстанга бара турган жүргүнчүлөр коронавируска карата 72 сааттан кеч эмес убакта жасалган ПЧР тесттин жыйынтыгын көрсөтүүсү керек. Же коронавируска каршы толук эмдөөдөн өткөнүн далилдеген сертификатты ала жүрүүгө тийиш.

"Өзбекстан темир жолдору" ушул тапта башка коңшу өлкөлөр менен да каттамдарды жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости