www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бактылуу чочконун мурдунан бок кетпейт” болуп маданияттын менен маалыматтын М тамгасын түшүнбөсө да, министр болуп жүргөн Азамат Жаманкулов деген эргул бар. Качан болсо шойкомдуу иштерден “кулагы көрүнүп” маданият министрлигиндеги кызматтарды калагандай калчап кадрларды иш билгилигине эмес, “капчыгына” карап тандап алаары шекилдүү...

“Оозу, мурду майланып” калганданбы, айтор Министрликти жеке менчик фирмасындай калчап бир адамга “бети кызарбай” үч жолу буйрук чыгарганына жакында эле күбө болгонбуз. 

Жаманкул аксакалдын “аты адашкан” небересинин “куурайдын башын сындырып” “чеке жылытарлык” иш кылганын коомчулук али көрө элек. Мына ушу эргул  былтыркы жылдан баштап “Аскат Акибаев” деген ишкер жигиттин “этегин кармап”, “Мен көчмөн” аталышындагы Issyk-Kul ITF эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкесин өткөрүмүш болуп жүрөт.

“Жаман иттин аты бөрү басар” болуп көргөзмөнүн “эл аралык” деп атап алганын көргөндө, “күйбөгөн жериң күлгө  айланат”. Кайдагы эл аралык?! Эл аралык түгүл, көргөзмөнүн деңгээли райондор-аралык чабандардын слётунун деңгээлине араң жетпесе, облустук иш чаралар мындан “ат чабым” алдыда  өтөт.

Сөзүбүз кургак болбос үчүн жүйөө келтирели. Биринчиден, Азамат мырзанын эл-аралык туристтик көргөзмөсүнөн туристтерди “күндүзү чырак менен издесе" да табылбаганын баамдадык!

Экинчиден, туристтерди мындай кой, жети облустан “ат арытып жол карытып” келген өкүлдөрдү “келиңиз же жакшы барыңыз” деп көңүл буруп койгон “тирүү жан” болбогонун соцтармактан жана ММКлардан элдин баары көрдү.

Үчүнчүдөн, уюштуруу иштери “туулбай туна чөккөндөй”. Баары Ош базарындагыдай башаламан.

Төртүнчүдөн, жок дегенде  жергиликтүү элди маалымдап көргөзмөгө  катышууга шарт түзүп  койгонго да жарабаган министрликке баш чайкагандан башка арга жок.

Ошентип, койчуманы жок койлорго окшоп жарманкеге катышуу үчүн келгендер “Рух Ордо” маданий  борборундагы газонду ары бери тебелеп туура 17;30га  чейин “тентип” жүрүштү. Муну арбагында туюп жатса, маркум Ташкул Керексизов аксакал “бир оодарылып” алса керек... Эртең  менен эле кыргыздын каада салтын “келген конокторго көрсөтөбүз” деген ниет менен элечек кийип алган энелерге, чыны менен боорум ачыды. Бечара апалар “бышып” калды болуш керек. Анан кантсин же алардын улуттук кийимин көрүү үчүн келген бирөө жарым болсо да бир жөн эле.

Дагы жакшы жети облустан келген маданият кызматкерлери улам бири өнөрүн тартуулап бири-бирин эриктирбей турду. Алардын концерттик программасында да мүчүлүштүктөр арбын. Жалал-Абаддан келген “тиши түшүп калган” аксакал адамдын уяттуу жерлерин кошуп ырдаганда, ансыз да элечекке “бышып” жаткан энелер биротоло “куйкаланып” кеткендей болду. Алдын ала Репертуар менен таанышып, электен өткөзмөй деген кайда...?! Анан да "мырк" десе таарынып калабыз көктөн түшкөнсүп...?!

Бир маалда эле, кудум Кокон Хандыгындай шаан шөкөт үн чыгып Акибаев каржылап алып жүргөн эңгезердей жигиттер “жоо кийимин” кийип, тайганчылар тайган жетелеп кернейчи, сурнайчылар обон созуп будуң чаң болуп эле жатып калды. Көрсө, Азамат Жаманкулов түштүктүк туугандар эге элек “пахтанын  жаңы түрүн” Ыссык-Көлгө “өстүрүп” жибериптир. Бар береке тап!

Мындайды, кыргыз кыргыз болгону көргөн эмес. Жигиттер ханга салам бергендей колун бооруна алып келинче ийилип, тал чыбыктай кыздар каймак  майын камдап Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду тосуп алды. Эми Жаманкуловдун мындай “кошоматка кой сойгон” жоругун ааламтөр катуу талкуулап көпчүлүк “түкүрүнүп” жатканын баарыңыздар эле көрдүңүздөр. Кыскасы, Азамат Жаманкулов “пахта төшөөнүн” классикалык үлгүсүн көрсөтүп  “пахтакорлордун” да “дакансачыларлын” да оозун түз эле ошко каратты.

Кеп Жаманкуловдун “пахтакорлугунда” деле эмес. Кеп төркүнү ушундай ысырапкорчулукка жол берген бирок, кокон тыйын пайдасы жок көргөзмө жарманке уюштуруунун кандай зарылчылыгы бар эле?!  Же уюштурганга жараша  жогорку деңгээлде уюштуруш керек болчу. Тилекке каршы, Азамат Жаманкулов иним 500 долларлык костюм шым кийип кооз сүйлөгөндон башка эч нерсеге жарабайт окшойт.

Кайран гана эч кимге пайда батасы жок сапырылган миллиондогон каражаттар! Президент да кыраакы адам экен. Азамат Жаманкулов уюштурган көргөзмөгө былтыр өзү катышып деңгээли “мышык ыйлаарлык” экенин көргөндөн кийин быйыл сылык гана баш тартыптыр. Эмнеси болсо да иштемиш болуп “эт менен челдин ортосунда” жүргөн жүуну бош, жалжал көз министр кызматтан кетсе, маданият кызматкерлери гана эмес, жалпы жумурай журт түлөө өткөрөт эле...

Умар Анарбаев, Талас облусу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости